Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт! ӨКМдин эскертүүсү
Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан 3-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138 Төө-Ашуу ашуусу, 198-255-чакырымдарында Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/