Орусия менен Финляндия чек ара каналын ачуу маселесин талкуулайт
Саймаа каналы боюнча комиссардын кеңсесинин башчысы Сеппо Кыккянен Финляндиянын бийликтери Финляндия менен Орусиянын аймактары аркылуу өткөн Саймаа каналын ачуу мүмкүнчүлүгүн караштырарын билдирди.
15-апрелден бери Финляндия деңиз чек арасы аркылуу мыйзамсыз миграциянын алдын алуу үчүн канал аркылуу кемелердин өтүүсүнө чектөө киргизди. С.Кыккянендин айтымында, бул маселе боюнча жакын арада чечим кабыл алынышы мүмкүн.
2024-жылдын башында бийлик органдарына Саймаа системасындагы деңиз жана көл жолдорунун ортосунда өткөрүү үчүн канал аркылуу кемелердин кыймылын калыбына келтирүү өтүнүчү түшкөн.

© LOGIRUS