Мамкурулуштун кызматтары эми АБ24 мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү – ИА Караван Инфо
Мамкурулуштун кызматтары эми АБ24 мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү

Мамкурулуш санариптик кызматтарды өнүктүрүү алкагында «Айыл Банк» ААКсы менен биргеликте АБ24 мобилдик тиркемесинин мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, колдонуучуларга мамлекеттик кызматтарын жеткиликтүү кылды.

Эми сиз Мамкурулуштун кызматтарын үйдөн чыкпай эле, бир нече баскычта төлөй аласыз.

Колдонуу тартиби өтө жөнөкөй жана түшүнүктүү:

1. «Төлөмдөр жана которуулар» бөлүмүнө өтүңүз, андан соң «Төлөмдөрдү» тандаңыз.

2. «Мамлекеттик кызматтар» бөлүмүнө кирип, «Мамкурулуш» баскычын басыңыз.

3. Керектүү кызматты тандаңыз.

4. Өздүк эсепти киргизип, төлөмдү тастыктаңыз.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: