Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2024-жылдын январь-декабрында 2023-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 9,0 %га жогорулады жана 1,5 триллиондон ашык сомду түздү.
ИДПнын өсүшү товар өндүрүү, кызмат көрсөтүү тармактары жана продукттарга болгон салыктардын эсебинен камсыз болду. Мында товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 8,5 %га, кызмат көрсөтүү тармактарынын өсүү темпи 9,3 %га, ал эми продукттарга болгон таза салыктар 9,2 %га жогорулады.
ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (52% ашык) кызмат көрсөтүү тармактарына туура келди, бул 2023-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 0,8 пайыздык пунктка өскөн, ошол эле учурда товарларды өндүргөн тармактардын үлүшү 0,3 пайыздык пунктка жогорулап, 33,4 %ды түздү.
Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу курулуштун үлүшү 1,0 пайыздык пунктка өскөн, өнөр жайдын үлүшү 0,2 пайыздык пунктка өскөн, ал эми айыл чарбасынын үлүшү тескерисинче 0,9 пайыздык пунктка төмөндөгѳн.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/