Күн мурун байдарка жана каноэ менен сүзүү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Кытайдын Гонконг шаарында өткөн Азия кубогунан кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан “Ынтымак” Олимпиадалык резервдеги балдар өспүрүмдөр мектебинин директору Рустам Ниязалиев, федерациясынын өкүлдөрү жана жакын туугандары тосуп алды.
Эске салсак, байдарка жана каноэ менен сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Кытайдын Гонконг шаарында өткөн Азия кубогунда (6 алтын, 1 күмүш) жеңишти.
Родион Туйгунов жалгыз кайыкта 1000 м, 200 м жана 23 км аралыкта 3 алтын медаль жеңди.
Жуптук тайпада 1000 жана 500 метр аралыкка байдарка жарышында Эрлан Султангазиев менен Рысбек Төлөмүшов жеңишке жетишип, алтын медалга ээ болду.
Ошондой эле 200 метрге каноэ менен жарышта Эрлан Султангазиев жеңишке жетти.
Ал эми Рысбек Төлөмүшев каноэ менен 1000 метрге сүзүүдө жеңишке жетип, 200 метрге каноэ менен жарышта 2-орунду ээледи.
Курама команда машыктыруучулар Елена Буханцова жана Виктор Чуракаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/