Казакстан Республикасынын Вице-премьер-министри – Улуттук экономика министри Нурлан Байбазаров жана Батыш Казакстан акими Нариман Төрегалиев бизнес өкүлдөрү менен жолугушуп, ишканалардагы учурдагы абал, келтирилген жоготуулар жана ири көлөмдөгү суу ташкындарына байланыштуу суроолорду беришти.

Ишкерлер сел менен күрөшүүдө жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгилешти. Батыш Казакстан облусунун 50-гө жакын ишканалары суу ташкындарына каршы курөшкө көмөк көрсөтүп, бул үчүн атайы техника жана жумушчу күч бөлүп беришти.
Вице-премьер-министр чогулгандарга ыраазычылык билдирип, мамлекет өз кезегинде бизнеске керектүү колдоо көрсөтөөрүн белгиледи.
«Сиздердин көбүңүздөр өндүрүш процесстерине гана эмес, сырьё менен камсыздоо, логистика жана сатуу маселесине да тиешелүү оор кырдаалга туш болуп жатканыңызды түшүнөбүз. Жоготуулар боюнча ар бир билдирүү жекече каралат. Бул биринчи кезекте чакан жана орто бизнеске тиешелүү», — деп белгиледи Н. Байбазаров.