Муниципалитеттен билдиришкендей, бул кошумча 5 артезиан кудуктары калкты ичүүчү суу менен камсыз кылууга багытталган.Аталган долбоор Ороктун 12 айылын, ЖЭБ-2 конушун, Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштарынын жогорку бөлүгүн, ошондой эле Арча-Бешиктин түштүк тарабын суу менен камсыз кылат.Жаңы скважиналарды кошуу Орто-Алыш суу алгычындагы жүктү бир топ азайтып, Баш-Карасуунун суу өндүрүмдүүлүгүн саатына 500 куб метрге...
Blog
ЖККУнун Кыргызстандагы машыгууларына авиация жана деңиз кемелери катышууда
“Өз ара аракеттенүү-2024”, “Издөө-2024”, “Эшелон-2024” эл аралык машыгуусуна Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын улуттук контингенттери, ошондой эле ЖККУнун Катчылыгынын жана Бириккен штабынын өкүлдөрү катышат.Машыгууларга ЖККУга мүчө-мамлекеттердин улуттук контингенттеринин 1500дөн ашык аскер кызматчылары, ошондой эле 200дөн ашык аскердик техника, анын ичинде 10го жакын авиациялык техника жана 10го жакын деңиз кемелери катышат.
Нарын шаарында 24 трансформатор оңдоодон өтөт
Билдирүүгө караганда, Нарын электр тармактар ишканасына караштуу Нарын РЭТи 24 даана трансформаторду оңдоодон өткөрөт.Сентябрь айынын иш планына ылайык 19 даана трансформатор техникалык оңдоодон, ал эми 5 даана трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалган, бүгүнкү күндө иштер жүргүзүлүп жатат."Ошондой эле, 3 чакырым 10 кВ аба чубалгысында оңдоо иштери жүргүзүлүп, 2 даана трансформатордун...
Садыр Жапаров коомдук башталышта иштеген бардык жардамчыларын жана кеңешчилерин бошотту
Президент Садыр Жапаров өз милдеттерин коомдук башталышта аткарган бардык жардамчыларды жана кеңешчилерди бошотуу чечимин кабыл алды.Мындай чечим президенттин администрациясын реформалоо жана башкаруу системасын өркүндөтүүнүн алкагында кабыл алынды.
Авазбек Атаханов Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп дайындалды
Атаханов Авазбек Койлубаевич Кыргызстандын Пакистан Ислам Республикасындагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Президент Аламүдүн районунун акимин алмаштырды
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70 - беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, берген арызына ылайык Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Тешебаев Мурадин Жолдошович ээлеген кызмат ордунан...
Бишкекте билим берүү мекемелеринде пландалган бардык оңдоо иштери аяктады
Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бардык оңдоо иштери муниципалитеттин капиталдык курулуш башкармалыгынан титулдук тизмесине ылайык жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, борбор калаанын муниципалитети дагы бир нече билим берүү объектилерин оңдоого кошумча каражат тартты. Оңдоо иштерине кошумча каражаттар табылгандыктан, жаңы титулдук тизме боюнча учурда окуу процессине тоскоол болбогон мекемелерде оңдоо иштери жүрүп жатат....
Бишкек башкы архитектура ишканасы Мамкурулуш агенттигинин карамагына кайтарылды
Максаты — мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу жана архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү иштин натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.Бул чечим архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга бирдиктүү мамилени камсыз кылат, ошондой эле бул чөйрөдө борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы аракеттерди координациялоону жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Министрлик: Өлкөдө эттин баасынын өсүшү боюнча кооптонууга негиз жок
Республика боюнча эт азыктарынын орточо баасы базарларда уй эти – 524 сом, кой эти – 560 сом, жылкы эти – 511 сом, тоок эти 300 – сомду түзүүдө.Эскерте кетсек азырынча малдын тоютуна, этти өндүрүүгө же ташууга кеткен чыгымдарга баанын олуттуу жогорулашын далилдей турган олуттуу өсүш жок. Туруктуу рыноктук кырдаалда жана...
Жүз долбоордун алкагында эң көп долбоор Чүй жана Ош облустарында ишке ашууда
Бүгүнкү күндө 96 долбоордун ичинен 20сы 1,072 млрд сом суммасында каржылоо алган. Долбоор айыл чарбанын төмөнкү багыттарын камтыйт: Соода-логистикалык борборлор, жүндү кайра иштетүү, сүт багыты, канаттуулар чарбасы, илимий-агартуу долбоорлору, балык чарба, мал чарба, айыл чарба өсүмдүктөрү.Алардын ичинен:Каржылоо агроөнөр жай комплексин кредиттөө программасынын (КАПК) алкагында Айыл жана Элдик мамлекеттик банктары аркылуу,...
Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу үчүн дамбаны тандап алуу боюнча тегерек стол өткөрүлдү
Адистердин белгилөөсүндө бул жолку жолугушуу Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу үчүн чоң мааниге ээ. Анткени дамбаны тандоо, андан соң техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу долбоордун негизги этабы болуп саналат.Белгилей кетсек, Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун долбоорун даярдоо иштерин каржылагандардын бири. Ал эми техникалык-экономикалык негиздемени Швейцариянын AFRY инженердик компаниясы иштеп чыгууда. Тегерек столдун жыйынтыгында дамбанын...
Салык кызматы: ККМди колдонууда өзгөртүүлөр киргизилди
Жаңы киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жеңил транспортто (таксиде) жүргүнчүлөрдү ташуу жана товарларды жеткирүү кызматтарын (курьердик кызматтар) көрсөткөн салык төлөөчүлөр 2025-жылдын 1-январына чейин ККМди милдеттүү пайдалануудан бошотулат.Мындан сырткары, интернет аркылуу товарларды саткан же кызмат көрсөткөн ишкерлер 2024-жылдын 1-ноябрына чейин ККМди колдонбосо болот.Ошондой эле контролдук-кассалык машиналарга аванстар жана кредиттер боюнча эсептөө функцияларын киргизүү...
