Дүйнөлүк дзюдо жылдыздары Тедди Ринер менен Шохеи Оно Тажикстанга келишти
Тажикстандын дзюдо федерациясы тараткан билдирүүгө ылайык, дзюдо боюнча мелдешке катышуу үчүн дүйнөгө таанымал франциялык Тедди Ринер менен жапониялык Шохеи Оно Тажикстанга келишти. Спортчулардын Душанбе эл аралык аэропортунда жолугушуусун Жаштар жана спорт комитетинин, Тажикстандын Дзюдо федерациясынын өкүлдөрү жана Душанбе Чоң шлем-2024 турниринин уюштуруу комитетинин жооптуу кызматкерлери уюштурду.

Тажикстандын дзюдо федерациясынан билдиришкендей, 100 килограммдан жогорку салмак категориясы боюнча мелдеште негизги талапкер катары спортчу Тедди Ринер эсептелет.
Сүрөттө: Хожа Шариф клубу
