Май айында БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Өзбекстандагы кеңсеси Кашкадарыя облусунун облустук балдар ооруканасына жана облустук перинаталдык борборуна кычкылтек жабдууларынын биринчи партиясын жеткирген. Бул тууралуу аталган фонддун өлкөдөгү өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул жабдуулар аймактагы 150 миңден ашык бала менен энеге медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө. Жаңы жабдыктарды колдонуу менен медицина кызматкерлери оор абалда жаңы төрөлгөн ымыркайлардын жана энелердин өмүрүн сактап калуу боюнча ыкчам аракеттерди жасай алышат, деп айтылат маалыматта.

«ЮНИСЕФ төрөт учурунда жана төрөттөн кийин өмүрдү сактап калуучу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн жардам көрсөтүүнү улантууда. Бул өз кезегинде жаңы төрөлгөн ымыркайлардын аман калуу деңгээлин жогорулатууга жардам берет», — деп баса белгиледи фонддун өкүлчүлүгү.
Сүрөт: ЮНИСЕФ