Казакстан Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун жазгы сессияларына катышты
Өткөн аптада Вашингтондо (АКШ) Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун жылдык жазгы сессиялары болуп өттү.

Бул иш-чараларга Казакстандын Улуттук банкынын төрагасы Тимур Сулейменов жана Финансы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин төрагасы Мадина Абылкасымова баштаган казакстандык делегация катышты.
Сапардын алкагында казак делегациясынын эл аралык каржы институттарынын жана рейтингдик агенттиктердин жетекчилиги, ошондой эле АКШнын бизнес чөйрөсү жана эксперттик коомчулугу менен жолугушуулары өттү.