Казакстан менен Финляндия кызматташтык түзүүнү пландаштырууда — ИА Караван Инфо
Казакстан менен Финляндия кызматташтык түзүүнү пландаштырууда

Казакстан Республикасынын вице-премьер-министри Тамара Дүйсенова Финляндиянын тышкы соода жана өнүгүү министри Вилле Тавио менен жолугушту.

Тараптар Казакстан менен Финляндиянын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, билим берүү жана илим тармактарында өз ара байланышты түзүү тууралуу сөз болду.

«Казакстан токой жана суу чарбасы тармагында кадрларды даярдоо боюнча биргелешкен аракеттерге кызыкдар. Бүгүнкү күндө, өлкөдө чет мамлекеттердин алдынкы жогорку окуу жайларынын филиалалдарын ачууга иштер журуп жатат. Бул Казахстандын аймактарында илимди жана инновацияны өнүктүрүүгө салым кошот.  Казакстанда Хельсинки университетинин филиалын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап корууну сунуштайбыз», – деп белгиледи Т. Дүйсенова.

Ошондой эле инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыкты активдештирүү маселеси каралды. Белгилей кетсек, 2024-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 210 миллион АКШ долларын түзгөн.

Өз кезегинде В.Тавио Казакстан Евробиримдиктин Борбор Азиядагы эң ири өнөктөштөрүнүн бири экенин жана анын өлкөсү ар түрдүү тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

error: