Бүгүн Лобаново айылында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган “Улы Дала жорыгы” эл аралык масштабдуу марафону башталды. Марафондун катышуучулары – ар кайсы өлкөлөрдөн келген 19 команда – Ботай археологиялык жеринен баштап Казакстандын талаасы боюнча 500 чакырым аралыкты басып өтүшөт.

Марафондун негизги максаты – унутулуп бара жаткан жылкы породаларын кайра жаратуу жана казак маданиятын жайылтуу. Мелдешке карачай, кабардий, араб жана башка жылкылардын түрдүү породаларынын өкүлдөрү катышууда.
Марафондун негизги окуяларынын бири “Ботай – Улуу Талаанын маданияты” көчмө көргөзмөсү болду. Катышуучулар жана меймандар так азыркы Казакстандын аймагында башталган жылкыны колго үйрөтүүнүн тарыхы менен тааныша алышты.
Сүрөт: Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги