Өзбекстандын Фергана облусунда жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Бул демилгелер менен республиканын президенти Шавкат Мирзиёев облуска болгон иш сапарынын алкагында таанышты.
Учурда облуста 1 миллиард 300 миллион долларлык миңден ашык долбоор ишке ашырылууда.

Жети жылдын ичинде Фергана облусуна дээрлик 77 триллион сомдук инвестиция тартылып, 116 миң жаңы жумуш орундары түзүлүп, 4,5 миллиард долларлык экспорттук потенциал ишке ашырылган.
Жергиликтүү ишкерлер жана чет элдик инвесторлор тарабынан 7 миллиард доллардан ашык 132 долбоор түзүлүп, анын 25и 2,1 миллиард долларга Өзбекстандын башчысына сунушталды. Алар текстиль, тамак-аш, медицина, электротехникалык өнөр жай, курулуш материалдары, кызмат көрсөтүү жана башка тармактарды камтыйт.
Өзбекстанга инвестиция салууга Орусия, Кытай, Азербайжан, Сауд Аравия, Түркия, Австрия, Германия, Кувейт, Япония жана АКШдан келген компаниялар кызыкдар экенин билдиришти.
Тактап айтканда, Үчкөприк районунда кытайлык өнөктөштөр менен биргеликте керамикалык плитканы чыгаруу боюнча долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Долбоорго инвестиция 50 миллион долларды түзөрү күтүлүүдө. Республиканын Кува облусунда саудиялык инвесторлор менен биргеликте жылытуу жана муздатуу системаларынын тетиктерин чыгаруучу ишкана түзүү пландаштырылууда. Бул долбоорго инвестиция да 50 миллион долларды түзөт.
Республиканын Президенти жооптуу адамдарга долбоорлордун уюштуруу-укуктук базасын түзүүнү тездетүү жана инвесторлор үчүн бардык шарттарды камсыз кылуу боюнча кошумча тапшырмаларды берди.
Сүрөт: Өзбекстан Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы