Өзбекстан менен Казакстан өлкөлөр ортосундагы достук тууралуу видео жолугушуу өткөрөт
5-августта Ташкент убактысы боюнча саат 11:00дө Sputnik Өзбекстандын мультимедиялык пресс-борборунда “Өзбекстан менен Казакстан – кошуналар, достор жана атаандаштар: мамилелер кантип чыңдалат” деген темада Ташкент менен Астананын ортосунда видеокөпүрө болот.

Сүйлөшүү учурунда эки өлкөнүн өкүлдөрү эл аралык кызматташтыкты талкуулашат, ошондой эле республикалардын ортосундагы тыгыз мамилелер эмне үчүн өтө маанилүү экенин айтышат.
Ошондой эле 7-августта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Астанага мамлекеттик сапары пландалып, ал бизнес-форумга катышат.
Сүрөт: Sputnik Узбекистан