Өзбекстанда “Жер казынасы жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды – ИА Караван Инфо
Өзбекстанда “Жер казынасы жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Өткөн аптада Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын жыйыны болуп өттү.

Тоо-кен өнөр жайы жана геология министринин орун басары Азам Кадырхожаев катышкан иш-чарада “Жер казынасы жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды.

Белгиленгендей, мыйзам долбоорунда тармактагы мамилелерди жөнгө салуучу түз аракеттин эрежелери каралып, анын негизинде пайдалуу кендердин классификациясы такталган.

Ошондой эле, мыйзам долбооруна ылайык, жер казынасын пайдалануу укугуна уруксат берүү процессинде, отчетторду алууда жана бул жаатта башка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө «бирдиктүү терезе» принцибинин киргизилиши пландаштырылууда.

Инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу үчүн лицензия алуучуга жер казынасын пайдаланууга уруксатты тескөө (сатуу, күрөөгө коюу же башка жактарга берүү) мамлекеттик органдын көзөмөлүндө болуу механизми киргизилүүдө.

Мындан тышкары геологиялык маалыматка менчик укугунун, аны алмашуу жана инвесторлор тарабынан сатуунун эрежелери өркүндөтүлүүдө.

Документтин өзүнчө беренелери чалгындоо, геологиялык изилдөө жана углеводородду өндүрүү боюнча стандарттарды чагылдырат. Уран казып алуу жана ага байланыштуу процесстер үчүн кошумча радиациялык коопсуздук талаптары, ошондой эле Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин талаптары аныкталган.

Кен эмес пайдалуу казындыларды геологиялык изилдөөгө жана өндүрүүгө уруксат берүүнүн так тартиби, ошондой эле уруксаты бар жер казынасын пайдалануучулардын укуктары жана милдеттери, мезгил-мезгили менен пайдалуу кендерди изилдөө жана аларды өндүрүү жана жыйынтыктоочу отчетторду жана геологиялык изилдөөлөргө жылдык минималдуу чыгымдарды берүүнүн так тартиби аныкталганын белгилей кетүү маанилүү.

Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу жер казынасын геологиялык жактан натыйжалуу изилдөөгө, пайдаланууга жана коргоого, өнөр жайга ички жана тышкы инвестицияларды тартууну тездетүү аркылуу иштеп жаткан чийки заттын базасында  алыскы райондордо   заманбап өндүрүш ишканаларын ишке киргизүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.

Жыйындын жыйынтыгында мыйзам долбоору депутаттар тарабынан биринчи окууда кабыл алынды.

error: