Өзбекстанда келечектүү стартаптарды тартуу үчүн улуттук банктардын катышуусунда “Startup Presentation Day” (Demo Day) өткөрүлдү.

Иш-чарага Өзбекстан Республикасынын 15тен ашык коммерциялык банктары, венчурдук фонддору, эл аралык уюмдар, ошондой эле Өзбекстан президентинин администрациясынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө алты келечектүү стартаптар көрсөтүлдү: RoyalTaxi, UySot, IMAN, AllGood, OZ PLANET, MYCFO.
Иш-чаранын маанилүү бөлүгү болуп стартап демилгечилери менен Өзбекстан Республикасынын Президентинин кеңешчисинин биринчи орун басары Тимур Ишметов, санариптик технологиялар министринин биринчи орун басары Олимжон Умаров жана Борбордук банктын төрагасынын орун басары Аброрхужа Турдалиевдин диалогу болду.
Диалогдун жүрүшүндө Jett, Cradle, Zypl.AI, Coozin, Sugurta Bozor, Ustabor стартаптарынын авторлору жетишилген жыйынтыктарды талкуулашты. Банктар менен кызматташуунун алкагында жаш компаниялардын өкүлдөрү биргелешкен өз ара аракеттенүүдөгү кыйынчылыктарды аныктап, аларды жоюу боюнча пикир алмашышты.
Стартаптар менен өз ара аракеттенүү банктарга бизнес процесстерин санариптештирүүгө, өнүмдөрдүн жана кызматтардын спектрин кеңейтүүгө жана инновацияларды киргизүүгө мүмкүндүк берет. Өз кезегинде стартаптар банктардын кардар базасын колдонууга, инвестиция тартууга жана эксперттик колдоодон пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышат.
Сүрөт: The Tech