2024-жылдын 15-июлунда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим телефон аркылуу сүйлөштү.

Тараптар өзбек-малайзия кызматташтыгын өнүктүрүү жана Малайзиянын Премьер-министринин 2024-жылдын май айында Өзбекстанга жасаган иш сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты.
Диалогдун жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык, өкмөттөр аралык жана ишкер байланыштарды активдештирүү баса белгиленди. Өнөр жай, жашыл энергетика, мунай химиясы, электротехника жана башка тармактардагы алдыңкы компаниялардын ортосундагы кызматташуу долбоорлорун илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Эскертүү. 2024-жылдын 29-майында Малайзиянын Путраджая шаарында Соода-экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи отуруму болуп өттү. Жыйындын жыйынтыгында өзбек-малайзиялык ишкерлер кеңеши түзүлдү.
Эки мамлекеттин башчылары ошондой эле гуманитардык алмашуу жана зыярат туризминин биргелешкен программаларын ишке ашыруу боюнча чараларды талкуулашты. Эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелер, ошондой эле алдыдагы жогорку деңгээлдеги иш-чаралардын графиги талкууланды.
Сүрөт: Өзбекстан Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы