Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас райондук сотуна келди. Бул тууралуу Жогорку соттон кабарлашты.
Манас райондук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Расул Жолдошалиев аталган сотто эки гана судья иштээрин, 18 штат бар экендигин, ошол эле учурда бир судьянын жардамчысы жана бир техникалык кызматкер жетишпей жаткандыгын маалымдады.
Медербек Сатыев иштерди кароонун сапаты, мөөнөттөрүндө каралып жаткандыгы боюнча кызыгып сурады.
Расул Жолдошалиев иштер өз мөөнөттөрүндө каралып жаткандыгын айтып, ушул жылы 19 жеке аныктама чыгарылгандыгын маалымдады.
Ошондой эле аталган соттун төрагасы ушул жылдын 9 айында өзү жалгыз 297 иш карагандыгын билдирди.
Аталган соттун төрагасынын милдетин аткаруучу орун алып жаткан көйгөйлөрдүн бири катары жаз келээри менен соттуи имаратынын жер төлөөсүндө суу бир метрге чейин көтөрүлүп жаткандыгын айтты.
Медербек Сатыев Сот департамантинин облустагы башкармалыгынын жетекчиси Токтогул Ахуновго тез арада маселени чечүү тапшырмасын берди.
Мындан тышкары, Медербек Сатыев иштерди кароону жалпылоо, судьялардын жүктөмү туурасында маалыматтарды сурады.
Бул боюнча төрага кызматтык териштирүү болоорун кошумчалады.
Медербек Сатыев аталган соттун ишмердүүлүгү менен таанышып, архив жана тийиштүү сервер коюлган жайлардын абалын карап чыкты.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевди Талас облусуна болгон иш сапарда Жогорку соттун судьясы Турсунгуль Чаргынова, төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов коштоп жүрүшөт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/