Ош шаарынын борбордук аянтында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Астанага велотурду баштаган 77 жаштагы шаар тургуну Мамыт Таштановду салтанаттуу узатуу аземи болуп өттү.
Аны узак сапарында муниципалитеттин, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, маданият ишмерлери жана шаардыктар коштоп жүрүштү.
Алар моралдык жактан гана эмес, материалдык жактан да колдоо көрсөтүштү.
Велосипедчи 2016 чакырым жолду басып өтөт. Велотурдун негизги максаты – түрк тилдүү мамлекеттердин элдеринин достугун чыңдоо жана аларды спортко үндөө.
Бул Таштановдун биринчи чакырыгы эмес. Эки жыл мурун ал эки дөңгөлөктүү “атка” минип, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн Түркиянын Изник шаарына барган.
Эске сала кетсек, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-13-сентябрда Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өтөт. Мелдештерге 85 өлкөдөн 21 спорттун түрү боюнча 2000ден ашык спортчу катышары пландалууда.
Сүрөт: Ош шаардык мэриясы