Кыргызстанда 2024-жылы жалпы 252 720 тонна дарбыз жыйналды, деп билдирет Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, кыргыз дарбызы чет өлкөдө чоң суроо талап жаратып жаткандыктан Россия, Казакстанга жана башка КМШ өлкөлөрүнө экспорттолот.
Ага ылайык, 2024-жылы Кыргызстан Казакстан жана Россия өлкөлөрүнө 1 376,6 тонна дарбыз экспорттоду. 2023-жылы экспорттун көлөмү 295 тоннаны түзгөн.
Ал эми 2024-жылы экспорттун көлөмү 360%га өстү.
Дарбыз — бул даамдуу жана пайдалуу азык. Ал көптөгөн витаминдерди камтыйт жана 90% суудан турат, ошондой эле организмдеги суу балансын сактоого жардам берет. Ал сергитет жана ден соолугубузду чыңдайт.
Дарбыз Кыргызстанда айыл чарбасынын экономикасында маанилүү роль ойногон бахча өсүмдүктөрүнүн бири болуп саналат. Ал негизинен Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында көп айдалат. Акыркы жылдары чет өлкөдө Кыргызстандын дарбызына суроо талап күн санап өсүүдө.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/