Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Японияга болгон иш сапарынын алкагында MurooSystems Corporation компаниясынын президенти Пан Чжунсинь менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.Кезектеги жолугушууда тараптар энегетика тармагында кызматташуу, биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу, буга чейинки жолугушуулардын жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча талкуу кылышты.Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен...
КР ИИМ башчысы кытайлык кесиптеши менен кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулады
КР ички иштер министри Улан Ниязбеков Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү - Коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун менен жолугушту. Тараптардын жолугушуусу Кытайда өткөн коомдук коопсуздук кызматташтык форумуна катышуусунун Цзянсу провинциясынын Ляньюньган шаарында өттү.ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, талкууланган маселелер коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы туруу чөйрөсүндөгү кызматташтыктын артыкчылыктарына тиешелүү болду....
Президент мамлекеттин балансына кайтарылган № 59 “Баластан” бала бакчасына барды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда, мамлекеттин балансына кайтарылган № 59 “Баластан” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгү менен таанышты.Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичирайонунда жайгашкан мекеме мурда “Кыргыз камвол комбинаты” ачык акционердик коомунун бала бакчасы болуп келген. 1995-жылы “Мадина” ЖЧКсы жеке менчикке мыйзам бузуулар менен сатып алып, бул имараттын бир бөлүгүн эс алуу...
Ош мэриясы автобус айдоочуларын жумушка чакырат — байланыш номерлери
Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасы «D» категориясындагы тажрыйбалуу айдоочуларды жаңы заманбап автобустарда жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн жумушка чакырат.Талап: 21 ден 60 жашка чейин.Байланыш үчүн номерлер:+996 559 323 235;+996 557 060 601;+996 224 088 585.
Кыргыз командасы биринчи жолу WorldSkills эл аралык чемпионаты катышат
Кыргыз командасы биринчи жолу WorldSkills кесиптик чеберчиликтердин 47-эл аралык чемпионатына катышат.Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, иш-чара 10-15-сентябр күндөрү Франциянын Лион шаарында өтөт.Лиондо Кара-Көл шаарындагы №89 кесиптик лицейинин студенти Аяна Абдиталипова “Ашпозчулук иши” категориясында, ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинен Наргиза Жолдошбай кызы “Мода технологиясы” категориясында, Беловодск айылындагы №28 кесиптик лицейден Элдар Бакиров “Ширетүү технологиясы” категориясында күч сынашат.Алар 2024-жылдын февраль айында Билим...
Садыр Жапаров бир катар өлкөлөрдүн элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда үчүнчү өлкөлөрдө резиденциясы менен аккредитацияланган элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алды.Ишеним грамоталарын Колумбия Республикасынын элчиси – Эктор Исидро Аренас Нейра, Австралия Бирлигинин Элчиси – Джон Уильям Гиринг, Малайзиянын Элчиси – Ильхам Туа Бин Иллиас, Словения Республикасынын Элчиси – Дарья Бавдаж Курет, Камбоджа Королдугунун Элчиси – Сок Чеа,...
Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жөө жүрүшү старт алды
Бишкекте бүгүн, 10-сентябрда “Кыргызстандын татыктуу келечеги үчүн!” деген ураандын алдында жөө жүрүш башталып, ага ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышууда.Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова маалымдагандай, өлкөдө 216 миңге жакын майыптуулугу бар кыргызстандыктар жашайт, алардын 37 миңи балдар.“Бүгүнкү күндө жарандардын бул категориясына максималдуу көңүл бурулууда. Министрлик калктын аярлуу...
Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинде аялдардын лидерлигин илгерилетүү талкууланды
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.Министрдин орун басары Кыял Жанузакованын айтымында, бул мамлекеттик программа аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана алардын бардык деңгээлдеги — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан баштап...
Ошто “Боорукердик” үй-интернатынын жаңы имараты пайдаланууга берилди
Ош шаарында “Боорукердик” үй-интернатынын жаңы имаратыпайдаланууга берилди, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. Имараттын ачылышына Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, шаардык социалдык мекемелердин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.Иш-чаранын алкагында шаар башчысы мекемеге белекке интерактивдүү доска тапшырды.Жаңы 3 кабаттуу үй-интернаты 32 карыган адамга жана 45...
Бишкекте спорт, этикет жана сулуулук Эл аралык Академиясы ачылат
“Гимнастика – бул жөн гана физикалык активдүүлүк эмес, баланын мүнөзүн жана инсандыгын калыптандыруунун эң сонун ыкмасы. Мен жашоомдун 12 жылын гимнастикага арнагам жана спорттун бул кооз түрүнүн артыкчылыгын жакшы билем. Академия айым спортчулардын прогрессине жана дүйнөлүк жетишкендиктерине кызмат кылат.Спортту өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турган бул гимнастика Академиясынын ачылышын бүткүл дүйнө...