Октябрь 9, 2024 – 3 барак – ИА Караван Инфо

Президент почта кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда, өлкөнүн почта кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:“Урматтуу почта кызматкерлери жана бул тармактын кадырлуу ардагерлери!Урматтуу мекендештер!Кыргыз Республикасынын почта кызматы кагазга кат жазып же телеграмма жиберген учурлардан тартып, бүгүнкү заманбап санарип тейлөө кызматына же электрондук коммерцияга чейин бүтүндөй бир доорду камтыган 145 жылдык...

Бишкекте үч лабораторияга айып салынды

Экономика жана коммерция министрлигинин орун басарынын тапшырмасын аткаруу максатында бир катар уюмдардын расмий сайтына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы кабарлайт.Жыйынтыгында, КРнын «Жарнама жөнүндө» мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүгүн, атап айтканда, мамлекеттик тилдин колдонулушун сактоо боюнча талаптарды бузуу аныкталды. Кароонун жыйынтыгында, КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, «ИнтерЛаб» ЖЧКсы, «Аква Лаб» ЖЧКсы, жана «Гемотест КГ» ЖЧКсы  жоопкерчиликке тартылды....

13 миң сомго чейин айып салынат! Бишкекте көчөдө соода кылгандарга каршы рейд өтүүдө

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы мыйзамсыз көчө соодасына каршы рейддерди өткөрө баштады. Эскерте кетсек, буга чейин уруксатсыз соодага каршы күрөштү райондук администрациялар жүргүзүп келген. Эми муниципалдык инспекция учурдагы мыйзамдарга ылайык чара көрөт.Мэриядан белгиленбеген жерлерде соода жүргүзгөндөргө 3 000 сомдон 13 000 сомго чейин айып салынарын эске салышты.  Манба: сайт https://caravan-info.kg/

Мындай жагдайлар кайталанбашы зарыл – Шакиев министрлер кабинетин сындады

Жогорку Кеңештин 9-октябрдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев министрлер кабинетинин мүчөлөрүн парламентке толук даярдыкта келүүсүн талап кылды. “Айрым бейтартип адистердин айынан Жогорку Кеңеш менен министрлер кабинетинин ортосунда жарака кетип, жагымсыз жагдайлар түзүлгөн учурлар жок эмес. Ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылып, өз милдеттерин билбеген ошондой кызматкерлерге Министрлер кабинетинин жетекчилери сөзсүз чара көрүшү керек. Эгер...

«Камбар-Ата-2» ГЭСи күз-кыш мезгилине 60% даяр

Алдыдагы 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүүгө даярдыктардын алкагында «Камбар-Ата-2» ГЭСин оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, айрым жабдууларды алмаштыруу менен жаңылоо иштерин жүргүзүүдө.Энергетика министрлигинен кабарлашкандай, учурда ГЭС күз-кыш мезгилине 60% даяр.Ал эми аткарылган иштердин катарын төмөнкүлөр толуктайт.1. ГА-1 гидроагрегатынын учурдагы ремонту аткарылууда. Технологиялык автоматика боюнча тейлөө иштери жүрүп жатат. Насос М2 МНУ кезектеги оңдоодон...

Нилуфар Алимжанова: Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кам көрүүнүн баары энелердин мойнунда

Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети «Майыптыгы бар балдардын актуалдуу көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору» аталышындагы тегерек стол өткөрдү.Иш-чарага комитет төрайымы Винера Раимбачаева, депутаттар Гуля Кожогулова, Нилуфар Алимжанова, Дастан Бекешев, тиешелүү органдардын жана балдарды коргоо уюмдарынын өкүлдөрү катышты.Талкуунун жүрүшүндө комитет төрайымы Винера Раимбачаева ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын...

Кыргызстан ИИ революциясын кыргыз тилин өнүктүрүүнү эске алуу менен калыптандырууда – Кутнаева

ИИ форумунда КР Санариптик өнүгүү министри Нурия Кутнаева өлкөнүн санариптик трансформация жана ИИ (жасалма интеллект) колдонуу жаатындагы жетишкендиктери тууралуу айтып берди."2023-жылы ИИ менен жабдылган байкоо камералары 3000ге жакын кылмышты ачууга жана Интерполдун эл аралык издөөдөгү кылмышкерлерин табууга жардам берди. Ошондой эле бул камералар дайынсыз жоголгондорду табууга да көмөк көрсөтүп жатат",...

Кыргызстан менен Өзбекстан трансплантология жаатында кызматташууну бекемдейт

 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Өзбекстан Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Даврон Тахиров менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу Азербайжанда өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 4-жыйынынын алкагында өттү.Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы кызматташуу...

Парламент министрлер кабинетинин күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө маалыматын угулууда

Жогорку Кеңеште 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгы, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү чөйрөсүндөгү абалы жөнүндө маалымат угулуудаЖогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маселе каралууда.Алгач жыйында баяндама жасаган Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Суу...

Көп эркелебеңиз! Төрага Нурдан Орунтаевди өз ордун билүүгө чакырды

Жогорку Кеңештин 9-октябрдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевди өзгөчөлөнбөй, ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.Эскерте кетсек, жыйын башында депутаттар Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун айрым жосунсуз жоруктары жана айткан кептери тууралуу сөз кылышкан. Ага ылайык, төрага Нурланбек Шакиев айтылган сөз...

Бишкектин мэри кызматтардын жетекчилерине жүктөлгөн тапшырмаларды убагында аткарууну тапшырды

Борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында коллегия өттү. Аткаруу тартиби жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышы, ошондой эле 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселелери талкууланды. Биринчи маселе боюнча уюштуруу-контролдоо башкармалыгынын башчысы Кубандык Акматбеков баяндама жасады. Жарандардын документтерин жана кайрылууларын кароо мөөнөттөрүн бузгандыгы жана сапатсыз аткаргандыгы үчүн...

Коллекция БУУга өткөрүлүп берилет. Бишкекте уникалдуу эл аралык көргөзмө ачылат

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт өнөр музейинди 10-октябрда саат 11:30да «Дүйнө легендаларын бириктирген искусство» эл аралык көргөзмөсү ачылат. Бул көргөзмө – 50 өлкөнү камтыган жана стринг-арт техникасы менен аткарылган дүйнөнүн ар кайсы бурчунан 365 көрүнүктүү инсандардын портреттерин тартуу кылган глобалдык долбоордун башталышы тууралуу жар салат.Долбоор Кыргызстанда 30 картинаны жаратуу менен башталып, андан соң...

error: