Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык “Мега” компаниясы Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына уюлдук байланышты орнотту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Эске салсак, мамлекет башчысы аталган айылга ушул жылдын 29-сентябрында барган."Айыл тургундары жол салуу жана электр жарыгын жеткирүү менен катар уюлдук байланыш көйгөйүн чечип берүүнү өтүнүшкөн. Президент Садыр...
УКМК “Селмаш” стадиону жана бассейни мамлекеттин балансына кайтарды
"Селмаш" стадиону жана бассейни мамлекеттин балансына кайтарылды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы. УКМК тарабынан Бишкек шаарынын аймагында жеке менчикке мыйзамсыз берилген кыймылсыз мүлк объекттерин кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө М.В. Фрунзе атындагы мурда айыл чарба машина куруу заводуна тиешелүү болгон стадиондун жана бассейндин аймагын мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталган.Белгилей...
Мүмкүнчүлүгү чектелген талапкерлердин шайлоо күрөөсү кыскартылат
Бүгүн, 30-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоого ээ болду.Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти.Мыйзам долбоору майыптыгы бар адамдар үчүн шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн азайтуу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык...
Кыргызстанда санжыра музейлери түзүлөт
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койду.Мыйзам 2024-жылдын 25-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.Мыйзам Кыргызстан элинин маданиятын өнүктүрүү, адамдын укугу менен эркиндигин кемсинтпеген үрп-адаттарды жана салттарды сактоо максатында кабыл алынган.Кабыл алынган Мыйзам “Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө”...
Бишкектик спортчулар эл аралык веложарышта байгелүү орундарды ээлешти
«Жеңиш» олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары «Giro d’Almaty 2024» эл аралык веложарышына катышты. Бул тууралуу мэриянын кабарлашты. Веложарыш 2024-жылдын 26-27-октябрында Алматы шаарында өтүп, анда 150дөн ашуун катышуучу жеңиш үчүн күч сынашты. Турнир эки этаптан туруп, биринчи этап — 40 км аралыктагы жарыш шаардын индустриалдык аймагында, ал эми финалдык...
2026-жыл аралыгында республикалык бюджеттин кирешеси тиешелүүлүгүнө жараша 465 млрд 500 млн сомду түзөт
29-октябрдагы Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Толонов аталган жыйында республикалык бюджеттин киреше бөлүгү карала турганын белгиледи.Мыйзам долбоору боюнча...
Кыргызстанда логистика, транспорт жана кампа жабдууларынын биринчи эл аралык адистештирилген көргөзмөсү ачылды
Бишкекте 29-октябрында логистика, транспорт жана кампа жабдууларынын биринчи эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнүн ачылышы болду. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирет. Иш-чарага экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев, КР Эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасынын орун басары Игорь Голубевдин жана айрым мамлекеттик жана жеке менчик уюмдардын жетекчилери катышты.Иш-чаранын уюштуруучулары ата мекендик...
Ош: Монуев көчөсүндөгү жумуштар күчөтүлөт
Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов Ы.Монуев көчөсүндө жүрүп жаткан жумуштар жана унаа кыймылына байланышкан суроолоруна жооп берип, шаарга кирүүчү кошумча жолдор боюнча маалыматтарды берди.Мэрдин орун басары аталган көчөдө эки айдын ичинде, күнү-түнү жер астынан газ, суу түтүктөрүн алмаштыруу, көчүрүү, тирөөч дубалдарды куруу жана ушул сыяктуу зарыл болгон жумуштардын...
“Мамлекет катары толук калыптандык”. Президент гимнди өзгөртүү боюнча оюн билдирди
Гимди өзгөртүп койсок жакшы эле болот. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров "Кабар" мамлекеттик агенттигине берген маегинде билдирген. Президент агенттиктин суроолоруна жооп берип жатып, азыркы гимн 33 жыл мурда азаттыкка чыгып, эгемендүүлүк алган жылдарда жазылгандыгын айткан. "Мына биз азат болдук, мына биз эгемен өлкө болдук, кыргыз эли өз тагдырың колуңда, алгалай бер деп ошол мезгилде...
Кыргызстандын аймагында эки ирет жер титиреди
Кыргызстандын аймагында эки ирет жер титиреди, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы. КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, биринчи жер титирөө 29-октябрда саат 18:47де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айылында 2 баллга жеткен. Кара-Киндик айылынан 7 чакырым түштүктө, Сопу-Коргон айылынан 42 чакырым түштүк батышта...
“Нарын-1” көмөк чордонунда аккумулятордук батареялар жаңыланды
Нарын облусунун электр тармактары боюнча маанилүү болгон "Нарын-1" 110/35/10 кВ көмөк чордонунун электр энергиясын берүү системасын жаңылоо боюнча кеңири иштер жүргүзүлүп, анын негизги багыты катары көмөк чордондун резервдик кубаттуулугун камсыз кылган аккумулятордук батареялар толугу менен алмаштырылды.2007-жылы орнотулган эски коргошун-кислоталуу аккумулятордук батареялар азыркы заманбап талаптарга жооп бербей калгандыктан, аларды кубаттуулугу жогору,...
Эске салабыз! Кыргызстандыктар ноябрдын башында төрт күн катары менен эс алат
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык 7 жана 8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жумуш эмес майрам күндөрү катары аныкталгандыгын билдирет.Бул күндөр бейшемби жана жума күндөрүнө туура келгендигине байланыштуу беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген кызматкерлер 2024-жылдын 7-ноябрынан 10-ноябрына чейин эс ала алышат. Ақпарат...