Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 31-октябрда Кыргызстанга алгачкы жолу расмий сапар менен келген Казакстандын Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен жолугушту.Алгач парламент жетекчилери тар чөйрөдө баарлашып, андан соң жолугушуу кеңири курамда уланды.Тараптар эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселесин талкуулап, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу ой бөлүштү.Төрага Нурланбек Шакиев Ерлан...
Ташиев Оштогу үч эм төрөлгөн 2 үй-бүлөнүн ар бирине үч бөлмөлүү батир тапшырды
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 31-августта Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн 2 үй-бүлөдөгү үч эмдерден кабар алды. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты. Алгач, Камчыбек Ташиев Кара-Суу төрөт үйүнө барып, ал жерде 27-октябрда төрөлгөн үч эмди көрдү.Үч эмдин ата-энеси Мырза Кыргызбаев жана Айжаркын Кыргызбаевалардын үй-бүлөсүнө президент Садыр Жапаровдун атынан...
Салык кызматы “Салык төлөөчүнүн кабинетинин” интерфейсин жаңылады
Мамлекеттик салык кызматы колдонуучулардын ыңгайлуулугун жана функционалдуулугун оптималдаштыруу үчүн cabinet.salyk.kg сайтындагы "Салык төлөөчүнүн кабинетинин" интерфейсин жаңылады."МСК менен кат алышуу" бөлүмүндө "Маалымкаттар", "ЕАЭБ менен иштөө" жана "МСКБнын электрондук даректери" сыяктуу сервистер карточкалар түрүндө жеткиликтүү болот. Бул формат салык төлөөчүлөргө каалаган кызматтарды жана маалыматтарды тезирээк табууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле навигацияны жеңилдетет жана интерфейсти...
Казакстан парламентинин мажилисинин төрагасы Кыргызстанга расмий сапары менен келди
Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Кыргызстанга расмий сапар менен келди.Сыйлуу конокту «Манас» эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев жана Казакстан менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Кундузбек Сулайманов тосуп алды.Эскерте кетсек, расмий иш сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, анын ичинен...
Кыргызстан Өзбекстандагы ири супермаркеттер тармагынын бирине картошка экспорттойт
Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу КРнын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү менен Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги биргеликте Өзбекстандын ири супермаркеттер тармагынын бирине кыргыз картошкасын экспорттоо боюнча келишим түздү.Келишимдин алкагында жогорку сапаттагы кыргыз картошкасын жеткирүү көлөмү айына 80 тоннаны түзөт. Бул Өзбекстандын супермаркеттеринин текчелеринде...
Аймактарга заманбап атайын техникалар жөнөтүлгөн
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайына алынган жаңы техникалар аймактарга бөлүнүп берилүүдө.Айтсак, Ош облусунун Өзгөн районуна бөлүнгөн жаңы, заманбап атайын айыл чарба техникалары Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Алмаз Сокеевдин катышуусунда тапшырылды.Белгилей кетсек, жакында президент Садыр Жапаров министрликке жүздөн ашуун...
Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды
КР финансы министринин орун басары Руслан Татиков Австриянын Федералдык Финансы министрлигинин башкы директорунун орун басары Йоханн Кинаст менен жолугушту. Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу 29-октябрда Австриянын Вена шаарында өткөн.Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап экономикалык кызматташууга тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн активдүү талкуулашты.Финансы министринин...
Бишкекте мектеп директорлору менен жыйын өттү
Бишкекте 30-октябрда № 67 мектептин базасында мэрдин орун басары Виктория Мозгачеванын катышуусунда борбордогу мектептердин директорлору үчүн пландык кеңешме өттү.Муниципалитеттен кабарлашкандай, кеңешмеде борбор калаанын бир катар мектептеринде окуу-тарбия процессин уюштуруу боюнча өткөрүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат угулду. Бул иш-чаранын алкагында мэрдин орун басары Виктория Мозгачева айрым уюштуруу маселелерин чечүүдө эрежелерди сактоо зарылдыгын...
Чүйдүн Заречное айылындагы көпүрөнүн курулушу толугу менен аяктады
Чүй облусунун Заречное айылындагы Аламүдүн – Арашан – Кой-Таш унаа жолундагы көпүрөнү куруу иштери аяктап, каттам берилди.Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, долбоор боюнча көпүрөнүн узундугу 23 метр, туурасы 13 метрди түзөт.Белгилей кетсек, буга чейин Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ала-Арча дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушунун жүрүшүн жеринен...
Нарын районунда жолдорго асфальт төшөө иштери уланууда
Нарын районундагы Госдорога – Пионер унаа жолуна асфальт төшөө иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө пландалган 1 чакырымдын 670 метрине асфальт төшөлдү.Мындан тышкары, Госдорога – Үч-Нура автожолунун 9-12-чакырым аралыгына 1, 2 чакырым асфальт басылды. Учурда калган тилкесине асфальт төшөө пландалууда.Жеринде №8 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери...
Таласта шайлоо тилкелеринин өрт коопсуздугуна даярдыгы текшерилүүдө
ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын адистери 27-октябрдан тартып облус боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо тилкелеринин өрт коопсуздугуна даярдыгын текшерүүнү улантууда.Иш-чаралардын максаты - өрт кырсыктарынын алдын алуу, болтурбоо жана коопсуздук чараларын күчөтүү болуп саналат.Белгилей кетсек, 17-ноябрда жалпы республика боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнү.Талас облусу боюнча жалпы 117 шайлоо участкасы бар....
Дыйкан-фермерлерге жогорку кирешелүү өсүмдүктөрдүн технологиялык картасы иштелүүдө
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин адистери тарабынан айыл чарба өсүмдүктөрүнө бүгүнкү күндүн талабына жараша технологиялык карталар иштелип чыгууда.Ведомстводон билдиришкендей, аталган технологиялык карталарда эң негизинен айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө кеткен чыгымдары жана кирешелери камтылмакчы.Республиканын дыйкан-фермерлерине биринчи кезекте жогорку кирешелүү жана экономикалык жактан пайдалуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн...