30-октябрда КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча облустук штабдын жыйыны болуп өттү.Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү, шайлоо процессинин мөөнөттөрү жана этаптары, тиешелүү органдардын милдеттери тууралуу КР Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымат берилди.Облуста шайлоочулардын саны өскөндүгү белгиленди: эгерде 2021-жылы 680...
Бишкектеги муниципалдык жерлерди бошотуу: демонтаждын жыйынтыгы
Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан М.Ганди жана Кулиев(азыркы Максат) көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 0,164 га муниципалдык жер тилкеси бошотулду. Операциянын жүрүшүндө: 5 капиталдык курулуш, 2 вагон, 1 контейнер, 1 сулуулук салону, 1 дарыкана, 1 чач тарач, 2 дүкөн, 1 тандыр, 1 ажаткана жана 2 мурда башка максатта...
Кыргызстан Түркияга салттуу стилде кооздолгон үч боз үй белек кылды
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркия президентинин административдик Иштер башкармалыгынын жетекчиси Хаккы Сусмаз менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө элчи Хаккы Сусмазга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 33 жылдыгына, ошондой...
Кара-Кулжа районунда 275 орундуу мектептин курулушу аяктап калды
Мамкурулуш тарабынан Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кайын-Талаа айылындагы К.Мамаев атындагы мектептин курулушу аяктап калды. Мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2022-жылы башталган. Курулуп жаткан мектептин окуу корпусу эки кабаттуу төрт блоктон, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 2005 чарчы метрди түзгөн билим берүү объектинин долбоордук кубаттуулугу 275 орунга эсептелген.Долбоорго ылайык...
ОшМУда окумуштуу Нурмамат Турганбаевдин 60 жылдыгы белгиленди
Ош мамлекеттик университетинде 30-октябрда филология илимдеринин кандидаты, доцент, "Билим берүүнүн мыктысы" Нурмамат Турганбаевдин 60 жылдык мааракесине арналган илимий-чыгармачылык кече уюштурулду. Мааракеге жогорку окуу жайлардын илимпоз-аалымдары, Казакстан, Өзбектандын Кыргызстандагы элчилери, шакирттери, университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты. Алгач иш-чара Турганбаевдин бейнесин чагылдырган тасма менен башталды.Жыйында ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков маараке ээсин куттуктады....
STEM предметтери боюнча 3536 мугалим квалификациясын жогорулатышты
2024-жылдын август айында өткөрүлгөн квалификацияны жогорулатуу курстарына даярдыктын алкагында колдоосу менен “Мугалимди окут” (Teach the Teacher) программасы боюнча 88 улуттук мастер-тренер окутулду.2024-жылдын 9-октябрынан баштап математика жана табигый илимдер, анын ичинде биология, химия, физика жана география боюнча мугалимдер үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары башталды.Программа PISAнын компетенцияларын калыптандыруу аркылуу окуучулардын математикалык жана табигый илимдер...
Кыргызстандык жөө күлүктөр Казакстанда өткөн марафондо үч алтын медаль утту
Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасы Казакстандын Түркестан шаарында өткөн марафондо 5 медаль утту. Анын үчөө алтын, бирөө күмүш жана бирөө коло. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Turkistan marathon 2024 марафону 27-октябрда өттү.Алтын медалдын ээлери:Күмүш медаль ээси:Коло медаль ээси: Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
Ысык-Ата районунда заманбап жаңы МТС ачылды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев: “Кыргызстанда 1 млн 200 мин айдоо жери бар. Орто эсеп менен 20 миң трактор керек. Көпчүлүк жерде техника жетишсиздиктен агротехнология толугу менен аткарылбай канаттандыраарлык түшүмгө жетише албай жатабыз. Ушул көйгөйдү чечүүчү жолдорунун бири региондорго жергиликтүү МТСтерди түзүү. Эгерде...
Темирбек Эркинов тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды
Эркинов Темирбек Эркинович Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
ралыктан добуш берүү үчүн арыздарды кабыл алуу мөөнөтү 6-ноябрына чейин узартылды
17-ноябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун алдында Борбордук шайлоо комиссиясы арыздарды кабыл алуу мөөнөтүн 6-ноябрга чейин (5-ноябрды кошуп алганда) узартты. Бул жарандарыбыздын аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн максималдуу пайдалануу үчүн кылынган аракет.Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустук борборлорунда аралыктан добуш берүү үчүн арыздар кабыл алынып жатат. Бул үчүн атайын уюштурулган пункттарда, жети...
Кыргызпатент АКШнын Патент жана товардык белгилер боюнча бюросу менен кызматташууга ниеттенүүдө
30-октябрында Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева Америка Кошмо Штаттарынын элчисинин орун басары Элизабет Зентос менен жолугушуу өткөрдү.Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсүндө кызматташуу маселелерин талкуулап, Кыргызпатент менен Америка Кошмо Штаттарынын Патент жана товардык белгилер боюнча ведомствосунун (USPTO) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу аркылуу эки мекеме өз...
Президенттин “Мейкин” сыйлыгына талапкерлердин кыска тизмеси аныкталды
Президенттин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сый акысына талапкерлерди тандоо жана ыйгаруу боюнча комиссиянын курамы талапкерлердин кыска тизмесин аныктады. Журналистика коомчулугунун өкүлдөрүнөн, коомдук ишмерлерден жана медиа эксперттерден турган комиссия сыйлыкка сунушталган 150дөн ашык талапкердин арасынан кылдаттык менен татыктуусун тандап алды. Белгилей кетсек, комиссиянын курамына...