29-октябрдагы Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Толонов аталган жыйында республикалык бюджеттин киреше бөлүгү карала турганын белгиледи.Мыйзам долбоору боюнча...
Кыргызстанда логистика, транспорт жана кампа жабдууларынын биринчи эл аралык адистештирилген көргөзмөсү ачылды
Бишкекте 29-октябрында логистика, транспорт жана кампа жабдууларынын биринчи эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнүн ачылышы болду. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирет. Иш-чарага экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев, КР Эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасынын орун басары Игорь Голубевдин жана айрым мамлекеттик жана жеке менчик уюмдардын жетекчилери катышты.Иш-чаранын уюштуруучулары ата мекендик...
Ош: Монуев көчөсүндөгү жумуштар күчөтүлөт
Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов Ы.Монуев көчөсүндө жүрүп жаткан жумуштар жана унаа кыймылына байланышкан суроолоруна жооп берип, шаарга кирүүчү кошумча жолдор боюнча маалыматтарды берди.Мэрдин орун басары аталган көчөдө эки айдын ичинде, күнү-түнү жер астынан газ, суу түтүктөрүн алмаштыруу, көчүрүү, тирөөч дубалдарды куруу жана ушул сыяктуу зарыл болгон жумуштардын...
“Мамлекет катары толук калыптандык”. Президент гимнди өзгөртүү боюнча оюн билдирди
Гимди өзгөртүп койсок жакшы эле болот. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров "Кабар" мамлекеттик агенттигине берген маегинде билдирген. Президент агенттиктин суроолоруна жооп берип жатып, азыркы гимн 33 жыл мурда азаттыкка чыгып, эгемендүүлүк алган жылдарда жазылгандыгын айткан. "Мына биз азат болдук, мына биз эгемен өлкө болдук, кыргыз эли өз тагдырың колуңда, алгалай бер деп ошол мезгилде...
Кыргызстандын аймагында эки ирет жер титиреди
Кыргызстандын аймагында эки ирет жер титиреди, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы. КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, биринчи жер титирөө 29-октябрда саат 18:47де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айылында 2 баллга жеткен. Кара-Киндик айылынан 7 чакырым түштүктө, Сопу-Коргон айылынан 42 чакырым түштүк батышта...
“Нарын-1” көмөк чордонунда аккумулятордук батареялар жаңыланды
Нарын облусунун электр тармактары боюнча маанилүү болгон "Нарын-1" 110/35/10 кВ көмөк чордонунун электр энергиясын берүү системасын жаңылоо боюнча кеңири иштер жүргүзүлүп, анын негизги багыты катары көмөк чордондун резервдик кубаттуулугун камсыз кылган аккумулятордук батареялар толугу менен алмаштырылды.2007-жылы орнотулган эски коргошун-кислоталуу аккумулятордук батареялар азыркы заманбап талаптарга жооп бербей калгандыктан, аларды кубаттуулугу жогору,...
Эске салабыз! Кыргызстандыктар ноябрдын башында төрт күн катары менен эс алат
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык 7 жана 8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жумуш эмес майрам күндөрү катары аныкталгандыгын билдирет.Бул күндөр бейшемби жана жума күндөрүнө туура келгендигине байланыштуу беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген кызматкерлер 2024-жылдын 7-ноябрынан 10-ноябрына чейин эс ала алышат. Ақпарат...
Жумгалда дайынсыз жоголгон ата-баланы издөөгө учкучсуз учуучу аппараттар тартылды
Өлкө жетекчилигинин тапшырмасы менен Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз жоголгон ата-баланы издөөгө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) учкучсуз учуучу аппараттар (УУА) бөлүмүнүн кызматкерлери кошулду.ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, учкучсуз учуучу аппараттар (УУА) издөө иш-аракеттеринин натыйжалуулугун кыйла жогорулатып, жетүүгө кыйын болгон жерлерди жана кеңири аймактарды изилдөөгө жардам берет.Акыркы...
Бизде технологиялык компаниялар үчүн негизги чийки зат биржасына айланууга мүмкүнчүлүк бар — экономика министри
Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Душанбедеги Мамлекеттер аралык инвестиция жана тоо-металлургия форумуна жана көргөзмөгө катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. Бул иш-чарада министр Борбор Азия регионунун дүйнөлүк чийки зат тармагындагы маанисине токтолду.Өз сөзүндө Данияр Амангелдиев Борбор Азия өлкөлөрү дүйнөлүк рынокко баалуу жана түстүү металлдарды, сейрек кездешүүчү металлдарды...
Президент Кочкор районунун акимин алмаштырды
Нарын облусунун Кочкор районунун акими Камил Чоткараев кызматынан бошотулду, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы. "Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70 - беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Чоткараев Камил Алияскарович ээлеген кызмат ордунан бошотулду", - деп айтылат маалыматта. Мамлекет башчысы кол...
Кыргызстанга Россиядан 18,3 тонна таракбаш үрөнү алып келинди
Кыргызстанга Россиядан 18,3 тонна таракбаш үрөнү алып келинди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн сатып алуу боюнча Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган конкурстун жыйынтыгы боюнча жеке ишкер А.Голенков менен 2024-жылга карата республика боюнча 32 107 га кунарсыз жайыттарга себүү үчүн 295 714 кг жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн сатып...
Салык кызматы Ош базарынан 5,7 миң даана мыйзамсыз алкоголдук продукцияны тартып алды
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош базарынын аймагынан мыйзамсыз алкоголдук ичимдиктер сакталган кампаны аныкташты.Кампаны текшерүүнүн жыйынтыгында 5 миң 710 даана жасалма акциздик маркалары бар арак табылды жана тартып алынды.Азыркы учурда бардык материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.Салык кызматы өлкөнүн аймагындагы алкоголдук жана тамеки продукцияларын...