Октябрь 2024 – 8 барак – ИА Караван Инфо

ЖОЖдордун студенттерине жана окутуучуларына экстремизмге каршы аракеттенүү тууралуу дарс окулду

Билим берүү жана илим министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен биргеликте И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жана К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин студенттери жана окутуучулары үчүн “Жаштардын интернет аркылуу радикалдашуусу жана тыюу салынган уюмдар тарабынан азгырылышы”, “Билим...

Каратэ сётокан боюнча курама Сербиядагы Дүйнө чемпионатынан кайтып келди

Кыргызстандын каратэ сётокан боюнча курама командасынын мүчөлөрү 29-октябрда Улуттар аралык SKDUN 31 - Дүйнө чемпионатынан мекенине кайтып келишти.Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, биринчилик Сербиянын Белград шаарында өткөн.Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Бактыяр Бокоев жана спортчулардын жакындары тосуп...

Рейддин жыйынтыгында 8 браконьер кармалып

2024-жылдын октябрь айында Жаратылыш ресурстар министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Биоресурстарды контролдоо башкармалыгы тарабынан айлана чөйрөнү, жаныбарлар дүйнөсүн коргоо боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.Рейддин жыйынтыгында 8 браконьер кармалып, 261,263, 267 берене боюнча 8 протокол түзүлдү.Жалпысынан 64500 сом айып салынды. Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

Испаниядагы суу ташкындан каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Тышкы иштер министрлиги Испаниянын түштүк жана чыгыш аймагында 60тан ашуун адамдын өмүрүн алган мөндүр менен нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон суу ташкынынын кесепетинен каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында, алдын ала маалымат боюнча, Кыргызстандын жарандары жок экендигин билдирет.Кыргызстандын Франциядагы элчилиги Испанияда жүргөн КР жарандары менен байланышта.Элчиликтин ыкчам байланыш телефону иштейт, ал аркылуу Испанияда жүргөн Кыргыз Республикасынын...

Ош шаарынын мэриясы 9 айдын жыйынтыгын чыгарды

Бүгүн, 30-октябрда Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйыны болуп, анда 9 айдын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.Жыйынды Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев алып барды.Жыйындын күн тартибинде 5 маселе каралды:1. Ош шаарынын 2024-жылдын тогуз айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2024-жылдын IV квартальна карата милдеттер жөнүндө;2....

Эмгек министринин орун басары гендердик теңчилик жаатындагы жетишкендиктер тууралуу айтып берди

Бүгүн, 29 – октябрда Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Европа союзу тарабынан каржыланган "Адилеттүү жана инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү" долбоорунун, ошондой эле "Өнүктүрүү максатында жарандык катышуу" долбоорунун колдоосу менен 2025-2027-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук...

МСК: 2025-жылдын 1-мартынан тартып жеңил өнөр жай товарлары РФнын аймагында милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 1-мартынан тартып Россия Федерациясынын аймагында милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон жеңил өнөр жай товарларынын тизмеси жаңы позициялар менен кеңейтилээрин маалымдайт.Ата мекендик экспорттоочулар жана өндүрүүчүлөр аталган жеңил өнөр жай товарларын маркалоосу зарыл.Жаңы товардык топтор үчүн маркалоонун коддорун алуу үчүн Кыргыз Республикасынын товарларын маркалоонун жана көзөмөлдөөнүн Улуттук оператору...

Швейцариялык компания Кыргыз Республикасында күйүүчү майларды маркировкалоого 12 миллион доллар инвестициялоону пландаштырууда

Экономикалык дипломатия жаатындагы ишмердүүлүктүн алкагында Кыргызстандын Швейцариядагы Элчиси Омар Султанов 2024-жылдын 25-октябрында «SICPA SA» компаниясына иш сапар менен барды.Жолугушуунун жүрүшүндө салык төлөөдөн качуунун алдын алуу аркылуу мамлекеттин кирешелерин көбөйтүүгө жөндөмдүү молекулалар деңгээлинде күйүүчү майды маркировкалоо боюнча “SICPA SАнын” технологияларын Кыргызстанга тартуу мүмкүнчүлүктөрү жаатында сүйлөшүүлөр жүрдү.Тараптар компаниянын Кыргызстандагы күйүүчү майды маркировкалоо...

«Кайыӊды-Кант» жана «Кошой» кант заводдору 245 миӊ тоннадан ашык кызылчаны иштетти

Кыргызстанда кант кызылчасынын 2024-жылдагы түшүмүн жыйноо, кабыл алуу жана кайра иштетүү улатылууда. Быйыл кант кызылчасы эгилген аянт 15 миӊ гектарды түздү. Фермерлер көлөмү боюнча рекорддук түшүмдү – 900 миӊ тоннадай тамыры таттуу жемиш жыйнап алууну пландап жатышат. Бул сезондо ата мекендик чийки заттан 120 миӊ тонна кант өндүрүлө турганы болжолдонууда....

УКМК: Оберон базарларынын аймактары мамлекеттин кирешесине кайтарылды

Оберон "Дордой" жана Оберон "Орто-Сай" базарларынын аймактары мамлекеттин кирешесине кайтарылды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети.Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Бишкек шаарынын аймагындагы жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин кайтарып алуу иштеринин жүрүшүндө «Оберон» ЖЧКсы тарабынан укук белгилөөчү документтерди мыйзамсыз алуу фактысы аныкталган.Жер тилкелерин мыйзамсыз сатып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш...

Кыргызстандын элчиси Пакистандын президентине ишеним грамоталарын тапшырды

Исламабад шаарында 28 октябрда Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Авазбек Атахановдун Пакистан Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардариге ишеним грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Элчи Авазбек Атаханов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан Пакистан Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардариге боордош саламын жолдоп, Пакистан Кыргызстан үчүн...

Алымкадыр Бейшеналиев ДССУнун Европа аймактык комитетинин 74-сессиясына катышууда

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык комитетинин 74-сессиясына катышууда, анда өлкөлөрдүн өкүлдөрү саламаттыкты сактоонун негизги көйгөйлөрүн жана артыкчылыктарын талкуулашууда.Катышуучулар менен амандашып жатып, министр глобалдык чакырыктар шартында калк саламаттыгын чыңдоого жана саламаттык сактоо системаларынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган тажрыйба алмашуу жана стратегияларды талкуулоо аянтчасы катары Дүйнөлүк...

error: