Ноябрь 29, 2024 – 3 барак – ИА Караван Инфо

Астанада өткөн ЖККУ ЖККнын кезектеги сессиясынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Бүгүн, 28-ноябрда, Астана шаарында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими Уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.Уюмга мүчө болгон Кыргыз Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын мамлекет башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:- Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясы;- “Жамааттык коопсуздук...

Ысык-Көлдө Улуттук суу форуму өтүүдө

2024-жылдын 29-ноябрында Ысык-Көлдө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен климаттын өзгөрүү шарттарында өлкөнүн суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жана Ысык-Көлдү сактоого арналган улуттук суу форумун өткөрүүдө.Иш – чаранын салтанаттуу ачылышы Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү...

Кыргызстан ФИФА рейтингинде 1 баскыч төмөндөп, 107-орунду ээледи

ФИФАнын расмий сайтында 28-ноябрда футбол боюнча Улуттук курамалардын жаңыланган рейтинги чыкты.Кыргыз футбол биримдигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ага ылайык, Кыргызстандын Улуттук курамасы буга чейинки рейтингтин чыгарылышына салыштырмалуу бир сапка түшүп, 107-орунду ээледи.Кураманын капчыгында 1194 упай бар.АФК зонасында курама 18-орунда. Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылды

Нарын облусунун Жумгал районунда ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү, деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы. Иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев жана Нарын облустук мекеме жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ардагерлер жана коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.Белгилей кетсек, имарат заманбап талаптарга...

Кыргызстандын элчиси менен Стамбулдун мэри кызматташтык маселелери менен талкуулашты

Стамбул шаарына жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди, өзгөчө аймактык деңгээлде чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.Боордош шаарлардын мамилелери боюнча колдогу келишимдин алкагында Ош жана Стамбул шаарларынын...

Төрага Журналисттер союзун жаңы багытта иш алып барууга чакырды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 28-ноябрда Журналисттер союзунун төрагасы Илязбек Балташевди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Жолугушууда өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин өнүктүрүү маселелери, ошондой эле Журналисттер союзунун ишмердүүлүгүн жакшыртуу жаатындагы сунуш-пикирлер талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев өзү да өмүр бою журналистика тармагында эмгектенип келгенин белгилеп,...

Акыйкатчы Баткен эли менен жолугуп, алардын арыз-муңун укту

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева күн мурун Баткен облусуна иш сапары менен барды, деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.Маалыматка ылайык, акыйкатчы менен облус башчысынын орун басары Тимур Мадяров баштаган жетекчилер жолугуп, облустагы адам укуктарынын корголушу, жарандар көп кайрылган көйгөйлөрдү чечүү аракеттери боюнча сүйлөшүштү.Акыйкатчы бул күнү Баткен облусунун тургундары менен да жолукту.Жолугушууга жергиликтүү...

Бишкекте гендердик зомбулукка каршы кызгылт сары флешмобу уланууда

Бишкектин Свердлов районунда аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алууга багытталган “Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” эл аралык кампаниясын колдоо максатында гендердик зомбулукка каршы кызгылт сары флешмоб өткөрүлдү. Акимияттын жана СӨБдин кызматкерлери зордук-зомбулук маселелери боюнча чалуулар үчүн кызгылт сары түстөгү шарларды жана ишеним  телефондору жазылган маалымат китепчелерин таратты. Акциянын максаты...

Базар-Коргондо №10 Жазаларды аткаруу кызматынын жаңы имараты ачылды

Жалал-Абад шаарынан көчүрүлгөн Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагына курулган №10 мекемесинин ачылышы болду. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Мекеменин ачылышына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, юстиция министри Аяз Баетов катышты.Жаза аткаруу жайынын көчүрүү аракети министрлер кабинетинин 2022-жылдагы атайын токтому менен...

Кыргызстандын Улуттук банкы онлайн кредиттөөдө токтотуп туруу мезгилин киргизди

Кыргызстандын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 27-ноябрында жарандарды финансылык алдамчылардан коргоо максатында, онлайн кредиттерди тариздөөдө «токтотуп туруу мезгили» түшүнүгү менен ченемдик укуктук актыларды толуктаган токтом кабыл алды.Токтотуп туруу мезгили – кредит алуудан баш тартууга жана келишимди бузууга карыз алуучуга мүмкүнчүлүк берген банктын акчаны карыз алуучуга которбой турган мезгил аралыгы.Мисалы алсак, алдамчылар...

Саха Республикасынын башчысы Кыргызстанга жумуш сапары менен келди

Саха Республикасынын (Якутия, Россия Федерациясы) башчысы Айсен Николаев Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин өрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды. Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү, өлкөнүн маданий жерлери менен таанышуусу, ошондой эле Бишкекте өтө турган Мас-рестлинг боюнча VI дүйнөлүк...

Караколдо 300гө жакын темир бетон мамылары орнотулду

Ысык-Көл ЭТИнин Каракол райондук электр тармактары күз-кыш айларына даярдануу иштеринин алкагында 2024-жылдын башынан бери 34,9 чакырым электр зымдарын жана 207 даана трансформаторлорун утурумдук ремонттон өткөрүп, 42 трансформатор жана 44,1 чакырым аба чубалгылары капиталдык ремонттон өткөрдү.Мындан сырткары электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу максатында 13,6 чакырым эски алюминий зымдары жаңы заманбап...

error: