Ноябрь 29, 2024 – 4 барак – ИА Караван Инфо

Кыргызстандын Улуттук банкы онлайн кредиттөөдө токтотуп туруу мезгилин киргизди

Кыргызстандын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 27-ноябрында жарандарды финансылык алдамчылардан коргоо максатында, онлайн кредиттерди тариздөөдө «токтотуп туруу мезгили» түшүнүгү менен ченемдик укуктук актыларды толуктаган токтом кабыл алды.Токтотуп туруу мезгили – кредит алуудан баш тартууга жана келишимди бузууга карыз алуучуга мүмкүнчүлүк берген банктын акчаны карыз алуучуга которбой турган мезгил аралыгы.Мисалы алсак, алдамчылар...

Саха Республикасынын башчысы Кыргызстанга жумуш сапары менен келди

Саха Республикасынын (Якутия, Россия Федерациясы) башчысы Айсен Николаев Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин өрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды. Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү, өлкөнүн маданий жерлери менен таанышуусу, ошондой эле Бишкекте өтө турган Мас-рестлинг боюнча VI дүйнөлүк...

Коргоо министрлигинин базасында 26 млн сомдук мүлктү мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды

Коргоо министрлигинин базасында 26 млн сомдук мүлктү мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды, деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы тарабынан Коргоо министрлигинин Бишкек турак-жай пайдаланууну камсыздоо базасында текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө МАМ-19 спорт комплексин мыйзамсыз сатып жок кылуу фактысы аныкталды.Бул факт боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси...

Кыргызстан Борбордук Азиянын суу саясатында маанилүү ролду ойнойт — Төрөбаев

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көлдү сактоо, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча Улуттук суу форумунда Кыргызстан Борбор Азиянын суу саясатындагы өзгөчө ролун белгиледи.  “Кыргызстан коңшу өлкөлөрдү суу жана энергия менен камсыз кылып, Борбордук Азиянын суу саясатында маанилүү...

Бишкек мэриясы борбордогу базарларды өзгөчө көзөмөлдөөдө

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен борбор калаадагы базарлар иретке келтирилүүдө, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. Учурда Орто-Сай жана Аламүдүн базарларында иштер жигердүү жүрүп жатат. Мэрдин  орун басарлары Азамат Кадыров менен Рамиз Алиев, шаардык кызматтардын кызматкерлери, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы, КР ӨКМнин кызматкерлери жогорудагы базарларды текшерүүгө алышты....

Кыргыз футбол биримдиги Азия Кубогун өткөрүүгө билдирме берет

Кыргыз футбол биримдиги (КФБ) 17 жашка чейинки улан-кыздар арасында Азия Кубогун кабыл алууну пландоодо.КФБдан билдиришкендей, тиешелүү арыз 4-декабрга чейин Азия футбол конфедерациясына жөнөтүлөт.АФКнын акыркы чечимине ылайык, 2025-жылдан тарта U-17 жаш командалары арасында Азия чемпионаттары жыл сайын өткөрүлөт. Мындан улам, мелдешти өткөрүү үчүн тандалган ассоциация үч жыл катары менен – 2026,...

Таразда Д. И. Менделеев атындагы РХТУнун филиалы ачылды

Тараз шаарында көптөн күткөн иш-чара - Д.И. Менделеев атындагы Россия химия-технологиялык университетинин филиалынын ачылышы болду. Бул химия өнөр жайын өнүктүрүүгө жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган бүткүл аймак үчүн маанилүү окуя. Салтанаттуу ачылыш аземине мамлекеттик бийлик, бизнес жана билим берүү өкүлдөрү катышты. Жамбыл облусунун акими Ербол Карашукеев РХТУнун филиалынын ачылышы...

XX-Казакстан менен Россиянын аймактар аралык кызматташтык форуму: жаңы шарттарда өнөктөштүктү өнүктүрүү

Орусиянын Уфа шаарында Казакстан менен Орусиянын аймактар аралык кызматташтык форуму өтүп жатат. Иш-чаранын башкы темасы эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгынын потенциалын ишке ашыруу үчүн жаңы чакырыктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо болду. Өнөр жай кооперациясы жана региондор аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Форумдун алкагында Казакстандын өнөр жай комитетинин төрагасы...

error: