Декабрь 10, 2024 – 4 барак – ИА Караван Инфо

Мамлекеттик цирк 1 жумада эле 5 млн. сомдон ашуун пайда тапты

Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки бир жумада эле 5 млн 370 миң сом пайда тапты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ал цикртин буга чейинки абалын эске салып, президент Садыр Жапаров абалын өзү барып көргөндөн кийин, капиталдык ремонттон өткөрүү тапшырмасын Иш башкармалыкка жүктөгөндүгүн кошумчалады."Жакында оңдоо жумушу...

Ала-Тоо аянтындагы өлкөнүн башкы балатысынын оту 14-декабрда жанат

Бишкектеги Ала-Тоо борбордук аянтында 14-декабрда өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысынын отун жандыруу салтанаты өтөт. Иш-чара саат 18:30да башталат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.  Быйыл Ала-Тоо аянты жаңыча кооздолуп, өзгөрүлөт.Шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн сейилдөөчү аймактар кеңейтилди, эс алуу үчүн көбүрөөк жайлар түзүлүп, ар бир адам майрамдын шаңын толук сезе алат. Майрамдын конокторун...

“Каракол” эл аралык аэропортунун расмий ачылышы эртеңкиге жылдырылды

“Каракол” эл аралык аэропортунун расмий ачылыш аземи 11-декабрга жылдырылды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чаранын жылдырылышына аба ырайы себеп болгон. Белгилей кетсек, буга чейин президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов мамлекет башчысы Садыр Жапаров 10-декабрда Ысык-Көл облусуна жумушчу сапары менен барарын маалымдаган. Сапардын жүрүшүндө президент капиталдык реконструкциядан өткөн “Каракол” эл аралык аэропортун ачмак. Эске салсак,...

Кыргызстан төрөт үйлөргө керектүү дары-дармектер менен гуманитардык жардам алды

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 10-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) кеңсесинин башчысы Бактыбек Кайназаров менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда тараптар үй-бүлөнү пландаштыруу, репродуктивдүү ден соолук жаатындагы медициналык мекемелерде кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу сыяктуу тармактарда биргелешкен өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.ЮНФПА Кыргызстандын төрөт...

ИИМ 50 өлкөдөн келген кесиптештери менен өз ара аракеттенүүнү күчөттү

2024-жылдын 10-декабрь күнү ИИМдин борбордук аппаратында ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков онлайн-кеңешме өткөрдү.Онлайн кеңешмеде Баңгизаттарга каршы күрөшүү иш-чаралары жана 2024-жылды ийгиликтүү жабуу жөнүндө, ошону менен бирге кылмыштуулукка каршы күрөшүү иш-чараларын күчөтүү жана кылмыштуулуктун алдын алуу маселелери каралды.Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков өз сөзүндө, учурда элибизге кедергисин...

18 штат бар. Манас райондук сотунда болгону эки судья иштейт

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас райондук сотуна келди. Бул тууралуу Жогорку соттон кабарлашты. Манас райондук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Расул Жолдошалиев аталган сотто эки гана судья иштээрин, 18 штат бар экендигин, ошол эле учурда бир судьянын жардамчысы жана бир техникалык кызматкер жетишпей жаткандыгын маалымдады.Медербек...

Ноокат районунда селден коргоочу дамбалар оңдолууда

Ош облусунун Ноокат районунда селден коргоочу дамбалар оңдолууда, деп билдирет Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы.Маалыматка ылайык, быйыл катуу нөшөрлөгөн жамгырдан кийин Ноокат райондук суу чарба башкармалыгынын Кок-Жар участкасындагы “Сапарбаев 1” каналын алты жолу сел каптаган. Мындан улам, дамбалар шилендилерге толуп кыйроого учураган. Жазгы талаа жумуштарына карата дыйкандарды сугат суу менен...

Президент Караколдогу жаңыланган аскер бөлүгүнө барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда, Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Байсары уулу Кыдыр аке атындагы жаңыланган №2028 аскер бөлүгүнө барды.Аскер бөлүктө бардык имараттарды, анын ичинде административдик корпустарды жана турак жайларды капиталдык реконструкциялоо боюнча иштер аяктаган.Мамлекет башчысы аскер кызматкерлеринин алдында сөз сүйлөп жатып, бул...

Мэрия: Коомдук транспортто жол кире төлөбөгөндөргө айып салынат

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканысынын кызматкерлери жол акысын төлөбөгөн адамдар боюнча рейддик иш-чараларды өткөрөт. Рейд учурунда  муниципалдык автобустарда жол кире төлөбөгөн жүргүнчүлөр текшерилет. Жол кире төлөбөгөндөр аныкталган учурда, КРнын мыйзамдарына...

Бишкектеги мектептердин биринде “Манас” бөлмөсү ачылды

Бишкектин Октябрь районунда жайгашкан №60 мектепте «Манас» эпосунун күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.  Иш-чарага Октябрь райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Н.О. Байгулов, Кыргыз улуттук театрынын манасчылары Талантаалы Бакчы уулу, Нурбек Калыбек уулу жана Төлөбек Муса уулу, ошондой эле башка коноктор катышты. Иш-чара мектеп окуучуларынын ыр-бийлери, “Манас” эпосунан...

Диний окуу үчүн чет өлкөгө чыгуу мамлекет менен макулдашылмакчы

Бүгүн, 10-декабрдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.Аталган мыйзам долбоорлору тууралуу Кыргыз...

Эмгек министри Дүйнөлүк банктын миссиясы менен жолугушту – эмнени талкуулашты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Дүйнөлүк банктын миссиясы – долбоордун жетекчиси Ораз Султанов жана тең жетекчиси Марина Новикова менен биргеликте "Cоциалдык жардам программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо" долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.Долбоор Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылууда.Анын негизги максаты-инклюзивдүү, ачык-айкын жана...

error: