УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө Бишкек шаардык сотунун жазык коллегиясынын судьясы А.А.Б. жана судьянын аялы болуп саналган М.Г.М. аттуу жаран тарабынан алдамчылык фактысы аныкталды.Тактап айтканда, М.Г.М. аттуу жаран КР жаранынан 2000 АКШ доллары (174 000 сом) өлчөмүндө акча каражатын талап кылган, мындан улам аталган жаран...
Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды
Алмамбет Насырканович Шыкмаматов Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды.Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.Фискалдык органдын жамаатына жаңы жетекчини министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тааныштырды. Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
Кыргызстанда “Антинар” маалымат системасы киргизилет
2024-жылдын 11-13-ноябрь күндөрү Санкт-Петербург шаарында Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнүн таанышуу иш сапары болуп өттү.Иш сапардын алкагында катышуучулар “Антинар” мамлекеттик маалыматтык системасынын практикалык колдонулушу жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты - Санкт-Петербург Өкмөтүнүн өнүктүрүү, жашоо-турмуштун бардык чөйрөлөрүндө дары...
19 миң сомдон өндүрүп жаткан. Билим берүү министрлиги шылуундар тууралуу эскертет
Соңку кездерде жеке материалдык кызыкчылыктан улам Билим берүү жана илим министрлигинин жооптуу кызмат адамдарынын атынан телефон чалуулар менен коштолгон алдамчылык фактылары көбөйдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. "Маселен, белгисиз адамдар мектеп директорлоруна телефон чалып, өздөрүн билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары деп тааныштырып, 19 000 сомдон өндүрүп...
“Тазалыктын” кызматкерлери карызы бар абоненттердин арасында рейд жүргүзүүдө
Бишкекте «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери карызы бар абоненттердин арасында рейддерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, борбор калаада тазалыкты сактоо үчүн атайын техникалар талап кылынат, ошондой эле ишкана кызматкерлеринин эмгек акысын мындан ары жогорулатуу зарыл. Буга байланыштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасынын адистери бир нече жылдан бери катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн...
Кара-Кулжанын Токбай-Талаа айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилди
Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айыл аймагынын Токбай-Талаа айылына өзгөчө кырдаал режим киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. Маалыматка ылайык, мындай чечим жергиликтүү тургундар үчүн таза суу үзгүлтүккө учурагандыгына байланыштуу, түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу максатында 18-декабрда кабыл алынды.Белгилей кетсек, Токбай-Талаа айылына 8 чакырымдай алыстыктан таза суу тартылып келген түтүктөр сууктан улам тоңуп,...
Бишкекте заманбап өрткө каршы куткаруу бөлүгү ачылды
Бүгүн Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Ак-Ордо конушунда N9 заманбап өрткө каршы куткаруу бөлүгү ачылды. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Кванджэ, KOICA Корея эл аралык кызматташтык уюмунун Кыргызстандагы өкүлү, БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу...
ЖКнын жыйынында министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти
Бүгүн, 18-декабрда президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү.Ант бергендер:— Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев;— Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев;— Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана...
Эмгек министрлиги: Чет элдиктерге уруксат берүү боюнча жаңы эрежелер киргизилди
2025-жылдын 1-январынан тартып жаңы эрежелер боюнча уруксат берүүчү документтерди берүү жол-жобосу ишке ашырылат ("Бирдиктүү терезе"принциби боюнча). Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.Бардык процедуралар Evisa.e-gov.kg. веб-сайт аркылуу жеткиликтүү болот. (маалымат тел.: 0312603070, +996703428865).Ошентип, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын өз убагында аткаруу максатында тиешелүү техникалык, программалык жана...
Акылбек Жапаровдун кызматтан кетишин саясатташтыруунун кажети жок — Садыр Жапаров
Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетишин ашыкча эле саясатташтыруунун кажети жок. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров бүгүн Жогорку Кеңеште билдирди.Мамлекет башчысы өз сөзүндө мамлекеттин ички-тышкы саясатында бир топ илгери жылыштар болуп жатканын айтты. "Менин күнү-түнү тынбай министрлер кабинетинин алдына койгон талаптарымды министрлер, жалпы команданын тапшырмаларымды так жана ыкчам аткарууга болгон аракетеринин жыйынтыгында мына...
Президент Жогорку Кеңеште: Таза иштегенге көзүңөр жетпесе, анда арыз жазып кеткиле
Президент Садыр Жапаров бүгүн министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн Жогорку Кеңеште ант берүү аземине катышты. Мамлекет башчысы эл өкүлдөрүнүн алдында сөз сүйлөп, төмөнкүлөрдү билдирди:“Урматтуу депутаттар! “Ырыс алды - ынтымак” деген элибиздин накыл кебин туу туткан өлкөбүздө биримдик өкүм сүрүп, Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна тушту.Мамлекеттин ички-тышкы саясатында бир топ илгери жылыштар болуп жатканына жалпы эл күбө.Кудай буюрса, буга чейин жүрөк...
Жогорку соттун төрагасы Ноокат райондук сотуна барды
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев бүгүн Ош облусуна болгон иш сапарын Ноокат райондук сотунан баштады.Жумушчу сапарында төраганы Жогорку соттун судьясы Маргарита Мельникова жана төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов коштоп жүрүшөт.Ал эми Медербек Сатыевди Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев жана Ноокат райондук сотунун төрайымы Чынара Ибраева, ошондой эле Сот департаментинин Ош...