Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жана Ош мамлекеттик университетинде бүгүн мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тест өткөрүлүүдө.Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, тестирлөөгө өлкөнүн бардык аймактарынан 294 талапкер катышууда.Эскерте кетсек, азыркы учурда республика боюнча 457 мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын...
Казакстанда учак кырсыкка учурады, бортто Кыргызстандын 3 жараны болгон
Казакстандын Актау шаарында коңшу мамлекеттин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун алдын ала берген маалыматы боюнча, бүгүн, 25-декабрда Астана убактысы менен саат 11:10до Баку – Грозный багытында учуп бара жаткан “Эмбраер – 190” учагынын экипажы Актау Эл Аралык аэропортунан авариялык кондурууну суранган.Бирок учак аэропортко 3 чакырым жетпей авиакырсыкка учураган. Аба кырсыгы катталган тилкеде...
Башкы прокуратура: СИЗО-1деги окуя боюнча юридикалык баа берилет
Жазаларды аткаруу кызматынын 21-мекемесиндеги окуя боюнча юридикалык баа берилет. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 20-декабрында Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын 21-мекемесиндеги окуя боюнча Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасы тарабынан жеринде текшерүү жүргүзүлүп, анда айрым соттолгондор жана айыпталуучулар тинтүү маалында мекеме кызматкерлери тарабынан...
Бишкектик спортчулар Казакстандагы ачык турнирде медалдарды жеңип алышты
2024-жылдын 19-декабрынан 24-декабрына чейин Казакстандын Кокшетау шаарында оор атлетика боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары эмгек сиңирген машыктыруучу В. Юпактын жаркын элесине арналган ачык турнирге катышып, байгелүү орундарды ээлешти. Мелдеш жаш оор атлетчилер үчүн чоң тажрыйба болуп, алар өздөрүнүн спорттук чеберчилигин көрсөтө алышты. Мелдештин максаты – өлкөлөрдүн спортчуларынын ортосундагы достукту чыңдоо жана жаштар...
Ички иштер министри Улан Ниязбеков «Динамо» клубунун төрагалыгына шайланды
2024-жылдын 25-декабрында Ички иштер министирлигинин борбордук аппаратында Кыргыз дене-тарбия спорттук “Динамо” коомдук бирикмесинин кезектеги жалпы жыйыны болуп өттү.Бул жыйынга министрдин орун басары генерал-майор Октябрь Урмамбетов катышып, алгач коомдук бирикменин аткарылган иштери тууралуу таанышып, аймактардан келген делегаттар менен көйгөйлүү маселелердин чечүү жолдорун талкуулады.Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө катышуучулар коомдун 2021-жылдан 2024-жылга чейинки...
Казакстандагы кырсык: Бакунун аэропортунда жаңы жылдык балаты демонтаждалууда
Актау шаарындагы учак кыйрагандан кийин Бакунун аэропортунда жаңы жылдык балаты демонтаждалып жатат. Рейс Бакудан Грозный шаарына учуп кетти. Акыркы маалыматтар боюнча, учак кырсыгынан 28 адам аман калган, алардын арасында үч бала бар. Жабыркагандардын айтымында, учуу учурунда кычкылтек багы жарылып, адамдар эсин жогото баштады. Буга чейин моторго чымчык кирген. Кеминде 16...
КР КК Генералдык штабында интернационалист-жоокерлер эскерилди
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабында бүгүн, 25-декабрда советтик аскерлердин Ооганстанга киргизилгендигинин 45 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү. Бул күнү КР Куралдуу күчтөрүнүн ардагерлери Ооган жоокерлерин эскерүү үчүн чогулушту. КР КК Генералдык штабынын начальнигинин милдетин аткаруучу полковник К.Калматаев Ооган согушунун ардагерлерине аскердик милдетин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн грамоталарды...
Бишкекте жаңы жыл түнү коомдук транспорт түнгө чейин иштейт
Узап бара жаткан жылдын 31-декабрында, майрамдык түнү борбордогу коомдук транспорт түнкү саат 03:00гө чейин иштейт. Күн сайын шаардыктарды тейлеп жаткан 56 каттам же 1200 бирдик толугу менен чыгат. Мындай чечим шаардыктарды майрамдан кийин үйүнө жеткирүү жана жаңы жылдык маанай менен калаа тургундарына шарт түзүү үчүн кабыл алынды. Ошондой эле, унаа...
Казакстандагы кырсык: бардык кыргызстандыктар тирүү
Учактын бортунда болгон Кыргызстандын үч жараны тең тирүү. Бул тууралуу КР ТИМ билдирди. Эки жаран А.Р. жана О. Т. аң-сезимдүү. 25-декабрда Казакстандын Мангистау облусунун Актау шаарына жакын жерде аэропорттун аймагында "Баку-Грозный"багыты боюнча бара жаткан авиакаттам (Приор-190) кыйраган. "Ачык булактардын маалыматына караганда, бортто 67 адам болгон.Алардын арасында Азербайжан жарандарынан тышкары Орусия,...
Владимир Путин Александр Вучичти келе жаткан майрамдар менен куттуктап, стратегиялык өнөктөштүктүн өнүгүшүн белгиледи
Россиянын президенти Владимир Путин Сербиянын Президенти Александр Вучичти келе жаткан жаңы жыл жана православдык Рождество майрамы менен куттуктап, 2024-жылы эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн ийгиликтүү өнүгүшүн белгиледи. Путин өзүнүн куттуктоосунда Россия менен Сербиянын мамилелери көп жылдык достукка жана руханий жакындыкка негизделгенин баса белгиледи. "2024 — жылы биздин өлкөлөрдүн мамилелери стратегиялык...
Казакстан жеке жактар үчүн банкрот процессин жеңилдетти
Казакстанда жарандардын карыз жүгүн жеңилдетүүгө багытталган мыйзам бар, анда үч жол-жобо каралган: соттон тышкаркы банкроттук (мамлекеттик киреше органдары тарабынан колдонулат), соттук банкроттук жана төлөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү (сот тарабынан колдонулат). Каржы министрлиги мыйзам буга чейин 16 миңге жакын жаранды банкрот деп таанууга жол бергенин, негизинен каржы уюмдарына 50 миллиард теңге...
Польша мектеп окуучулары үчүн милдеттүү түрдө аскердик даярдоо сабактарын киргизди
Польшанын мектептеринде 2024/2025-окуу жылынан баштап ок атуу, биринчи жардам көрсөтүү жана аскердик коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча милдеттүү баштапкы аскердик окутуу сабактары башталат. 14 жаштан 16 жашка чейинки балдарды камтыган башталгыч жана орто мектептин сегизинчи класстарынын окуучулары үчүн баштапкы аскердик даярдык сабактары киргизилген. Программа "коопсуздук боюнча окутуу" деп аталып, төмөнкүлөрдү камтыйт: ...