Декабрь 25, 2024 – 8 барак – ИА Караван Инфо

Кыргызстан баңгизат каражаттарын соттук экспертизадан өткөрүү маселеси боюнча аймактык жолугушууга катышты

Казакстандын Астана шаарында маңзат каражаттарын соттук экспертизалоо маселелерине арналган аймактык жолугушуу болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Пакистан жана Ирандын өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун негизги максаты баңги заттарды, анын ичинде жаңы синтетикалык Баңгизаттарды аныктоо, кармоо жана изилдөө менен байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулоо болду. Программа презентацияларды, докладдарды, ошондой эле Казакстандын...

РКӨФ Ош шаарындагы медборборду өнүктүрүүгө 250 миң доллар каражат жумшады

Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Ош шаарында жайгашкан "Андрос-Ош" борборун заманбап медициналык жабдуулар менен жабдуу боюнча долбоорду ийгиликтүү каржылады. Фонддун басма сөз кызматы билдиргендей, РКӨФ 250 миң долларлык инвестициясы урология жана гинекология тармагындагы медициналык кызматтардын спектрин кеңейтүүгө мүмкүндүк берди. 2015-жылы негизделген "Андрос-Ош" клиникасы көп тармактуу мекеме болуп саналат, анда адистердин кабинеттери,...

Жаңы жылды майрамдоо: Бишкекте Координациялык кеңештин жыйыны өттү

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү.Жыйында 2025-жаңы жылды майрамдоого даярдыктар жана башка актуалдуу маселелер талкууланды.Айбек Жунушалиев 14-декабрда балаты жандыруу аземинде шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун санын эске алуу менен жаңы жыл түнү нөөмөттү күчөтүүнү, укук тартибин...

Бишкекте 11,8 миң бала социалдык коргоодон белек алат

Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын залында турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамы өттү. Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев балдарды куттуктап, балдарга чың ден соолук жана окууларына ийгиликтерди каалады.Балдарга жаңы жылдык жомокту бий номерлери менен көрсөтүп беришти. Концерттен кийин кичинекей бишкектиктерге жаңы жылдык белектер тартууланды.Майрамдык иш-чарага аз...

Ош шаарында кезектеги “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылды

Ош шаарындагы №10 үй-бүлөлүк медицина борборунун базасында "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасы ачылды. Иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызмтынан кабарлашты. Бул Ош шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарынын базасында ачылган 11-мамлекеттик дарыкана жана учурда республика боюнча жалпысынан 98 мамлекеттик дарыкана иштеп жатат.Министр жылдын аягына чейин калкты жеткиликтүү баада дары-дармектер...

Британ шаарларынын биринин көчөлөрүндө кыргызстандык окумуштуу-биологдун портреттери пайда болду

Быйыл Англиянын Бат шаарында көрүнүктүү окумуштуу — биолог жана 1999-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин механика кафедрасынын бүтүрүүчүсү Асел Сартбаеванын портреттери пайда болду. Бул тууралуу маалымат Кыргыз-Орус Славян университетинин КЖБ барагында жарыяланды.. Кыргызстандык Асел вакциналарды сактоо жана ташуу ыкмасын ойлоп тапканы менен белгилүү болгон. Бул ачылыш планетанын эң алыскы жана эң ысык...

Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстанда 9 мектеп курууга каражат бөлөт

Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 23-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР Мыйзамына кол койду.Мыйзам 2024-жылдын 27-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.Аталган Грант жөнүндө макулдашуу грант берүү тартибин карайт, анын алкагында Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) Кыргыз Республикасында 9 жалпы билим берүү уюмдун...

Баткенде облус башчысынын балаты майрамы өттү

Бүгүн президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун балдар үчүн балаты майрамы болуп өттү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чарага облус аймагындагы окуунун алдыңкылары, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, камкорчусунан ажыраган жана өзгөчө муктаждыктары бар 110 бала чакырылган.Облус башчысы Айбек Шаменов балдарды келе жаткан...

Кыргызстан боюнча пробация органдарында 124 бала каттоодо турат

Бүгүнкү күндө республика боюнча пробация органдарында 124 бала каттоодо турат. Бул тууралуу Пробация департаменти билдирет.Маалыматка ылайык, жаш балдар арасындагы укук бузуулардын алдын алуу максатында Ысык-Ата району боюнча пробация бөлүмүнүн кызматкерлери «Уникум Кидс» мектебинин окуучуларына ачык сабак өтүштү.5-класстан 11-класска чейинки балдар катышкан иш-чара жандуу баарлашуу форматында өттү.Ошондой эле мектеп окуучуларына мыйзамга...

Быйыл Кыргызстан боюнча 230 соцобъект бүткөрүлдү

Быйыл Кыргызстан боюнча 230 социалдык объект бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымына караганда, агенттик негизги көңүлдү социалдык объектилерди курууга бурган. "Ошондой эле мамлекеттик жөнгө салуу системасын өркүндөтүүгө жана курулуш секторуна капиталдык салымдарды көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бурулду", - деди ал. ...

Муниципалдык инспекция Ала-Тоо аянтындагы башаламан соодага көзөмөлдү күчөттү

Үстүбүздөгү жылдын сентябрынан тартып Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы Ала-Тоо аянтында мыйзамсыз сооданы жоюу боюнча активдүү иштерди жүргүзүп келет.   Туруктуу эскертүүлөргө жана түшүндүрүү иштерине карабастан, көптөгөн соодагерлер соода эрежелерин бузууну улантууда.Натыйжада,  25 протокол  түзүлүп, айып пулдардын жалпы суммасы  75 000 сомду түздү.   Мындан тышкары, инспекторлор  397 жаранга  Кыргыз...

Бишкектин мэри II даражадагы «Достык» ордени менен сыйланды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бүгүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен II даражадагы «Достык» ордени менен сыйланды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.  Бул жогорку сыйлык Кыргызстан менен Казакстандын борборлорунун ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө ар тараптуу көмөк көрсөткөндүгү үчүн тапшырылды. Сыйлык тапшыруу Бишкек шаарынын мэриясында өтүп, аны Казакстандын элчиси Рапил Жошыбаев...

error: