Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Баткен облусундагы футбол ассоциациясынын президенти Абдикарим Алимбаев облустагы футбол ассоциациясынын машыктыруучулары жана оюнчулары менен жолукту. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.
Жолугушууда аймакта спорттун футбол түрүн өнүктүрүү багытында аткарылып жаткан иштер талкууланды.
Облус башчысы өз сөзүндө футболду өнүктүрүү, коомчулукта сергек жашоо образын калыптандыруу багытында иш аракеттер активдүү уланаарын айтты.
Абдикарим Алимбаев футболчуларды мелдештеги жеңиштери менен куттуктады. Белгилей кетсек, Улуттук лиганын “Б” зонасында “Нур-Баткен” командасы чемпион болуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук лигасында 2-орунга ээ болуп, күмүш медал тагынышты.
Маалым болгондой, 2025-жылда Баткен облусуна заманбап үч футбол аянтчасын куруу мерчемделүүдө.
Учурда облуста беш футбол командасы бар, анда 7 жаштан баштап, балдар, өспүрүмдөр, жаштар, чоңдордон турган топтор ойнойт.
Нур-Баткен, Шахтер-Кызыл-Кыя, Металлург-Кадамжай, Исфайрам-Кара-Дөбө,Туран командалары түрдүү мелдештерде облустун намысын коргоп келишет.
Жолугушуунун соңунда облус башчысы жыл ичинде ийгилик жараткан бир катар футболчуларга сыйлыктарын тапшырды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/