2025-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы окуу жай катары өзүнүн жогорку “Академия” макамына ээ болгондугунун 25 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, ИИМдин Генералдар Кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев, Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Бакыт Сеитов, Академиянын мурдагы башчылары, ардагерлери,...
Бишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу комитетинин биринчи отуруму өттү
КР президентинин администрациясында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин биринчи отуруму болуп өттү.Иш-чара 2026-жылдын сентябрына белгиленген жана Кыргызстанда өтөт.Жыйындын жүрүшүндө негизги уюштуруу маселелери, анын ичинде оюндарды ийгиликтүү өткөрүү боюнча артыкчылыктуу милдеттерди аныктоо талкууланды.“Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй...
Бишкекте «Кол эмгек казынасы» көргөзмөсү ачылат
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде 17-январда «Кол эмгек казынасы» көргөзмөсү ачылат.Музейден кабарлашкандай, аталган көргөзмөдө Билим берүү жана илим министрлиги менен “Балажан” Республикалык эстетикаталык тарбия берүү окутуу-усулдук борбор тарабынан биргелешип уюштурулган Кол өнөрчүлүк чыгармачылык боюнча балдардын Эл аралык сынагынын катышуучуларынын иштери, эмгектери сунушталмакчы.Кол эмгек кенч – бул, чеберчилик менен...
Жалал-Абад ТМУнун жаңы туристтик борбору болду
Жалал-Абад шаары мурда Түркистан шаарына караштуу болгон Түрк мамлекеттер уюмунун туристтик борбору статусун өткөрүп алды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти. Маалыматка ылайык, Казакстандын Түркистан шаарында жаңы статусту ырастаган символикалык ачкычты тапшыруу аземи болуп өттү.Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, КР Экономика жана коммерция министрлигинин Жашыл экономика жана...
Бишкек шаардык ИИББ МККБсында коррупциялык схема бөгөт коюлду
КР УКМК тарабынан Республикадагы укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюуга багытталган иш-чаралардын алкагында, Бишкек шаардык ИИББ МККБ коррупциялык схемасы аныкталды.Бишкек шаардык ИИББ МККБнын укук тартибин сактоо бөлүмүнүн инспекторлору, мыйзамсыз материалдык баюу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу максатында, автоунааларды камоочу жайлардан алып чыгууга уруксат берүүгө жана ар кандай тоскоолдуктарды жасалма жол менен...
Кара-Сууда бир нече жаранды алдап кеткен шектүү кармалды
Кара-Сууда бир нече жаранды алдап кеткен шектүү кармалды, деп билдирет Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы.Маалыматка ылайык, 8-январда милицияга Кара-Суу районунун 1968-жылы туулган М.К. аттуу тургуну арыз менен кайрылган.Анда арыз ээси 2025-жылдын 8-январында өз унаасы менен Ош шаарынан Кара-Суу базарына жеткирип келген аты жөнү белгисиз кардары “Samsung S 91” уюлдук телефонун...
Эфиопия Бишкек – Аддис-Абеба багытындагы түз аба каттамын ачууга кызыкдар
Кыргызстандын делегациясынын Эфиопиянын Федеративдик Демократиялык Республикасына болгон иш сапарынын алкагында КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Эфиопиянын мамлекеттик тышкы иштер министри Мисгану Арга менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Асеин Исаев эфиопиялык тарапка Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Эфиопиянын президенти Тайе Ацке-Селассиеге даректелген кайрылуусун...
Бишкекте өлкөнүн башкы балатысын алуу иштери башталды
Бишкекте жаңы жылдык майрамдар аяктап, Ала-Тоо аянтындагы балаты жана майрамдык жасалгалар алына баштады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Быйыл өлкөнүн негизги балатысын жасалгалоо үчүн 1,5 миллион сом каражат сарпталган.Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын долбоорунун негизинде жеке компания тарабынан аянттын аймагы көрктөндүрүлүп, ага 16,6 миллион сом сарпталган. Ошондой эле, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери үчүн...
Пара талап кылуу жана кыйноо фактылары боюнча милиция кызматкери кармалды
Аскер прокуратурасы тарабынан пара талап кылуу жана кыйноо фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен биргеликте Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери “С.А.Ш.” аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.Алгачкы тергөө материалдарына ылайык, Октябрь РИИБдин жооптуу кызматкерлери тарабынан 2024-жылдын сентябрь...
Медер Абакиров ТИМ башчысынын орун басары болуп дайындалды
Абакиров Медер Өмүрбекович КР тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, 64 жаштагы жаран каза болду
Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Маевка айылына жетпей Белозерский көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. Маалыматка ылайык, жерине жалпы эки бөлүм тартылып, жалын саат 16:25те толугу менен өчүрүлгөн.Кырсыктан 1960-жылы туулган Т.С. аттуу эркек киши каза болду. Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
ӨКМ Дүйнөлүк банк менен 2025-2026-жылдарга кызматташуу багыттарын аныктады
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев күн мурун Бүткүл дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл мырза менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.Тараптар иш жүзүндөгү долбоорлорду жана 2026-жылга чейин кызматташуунун өнүгүү келечектерин талкуулашты. Анда негизгинен өрт коопсуздугу, өрт өчүрүү жабдууларын жана техникаларын жаңылоо, ошондой эле жаңы өрт өчүрүү-куткаруу бөлүктөрүн...