Талас областык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 2009-жылы Талас шаардык мэриясынын токтому менен борбордук базарынын ичинен 1,3 га жер тилкеси “Т.А.К.” ЖЧКнын менчигине мыйзамсыз чыгарылгандыгы аныкталып, укук белгилөөчү документтерди жокко чыгаруу жөнүндө сотко доо арыз келтирилип, соттук инстанциялардын актылары менен канааттандырылган.Талас областтык прокуратурасы тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде 144 млн 172 миң...
Нарында 46 даана трансформаторду оңдоодон өткөрүү пландалууда
"Кыргызстан УЭТ" ААКнын Нарын электр тармактары ишканасынын трансформаторлорду оңдоо цехи 2025-жылга карата өзүнүн иш планына ылайык 46 даана трансформаторду оңдоодон өткөрүүнү максат кылып жатат.Аталган цехте эскирген, бузулуп, тетиктери ысып иштешке мүмкүн болбогон жана пайдалануусунун мөөнөтү өткөн трансформаторлорду оңдоо, күйүп кеткен же алмаштырууга муктаж болгон тетиктерин алмаштыруу процесси жүргүзүлөт. Ошондой эле...
Министр: Соцконтракттын аркасында 163 миңден ашуун адамдын жашоо шарты жакшырууда
Күн мурун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Аламүдүн районундагы “социалдык контракт” программасына катышкан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө барды.КР Президенти Садыр Жапаров тарабынан 2022-жылы демилгеленген Программа жакырчылыкты жоюуга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган. Үч жылдын ичинде өлкө боюнча 35 миңден ашуун үй-бүлө мамлекет менен социалдык контракт...
Мамкурулуштун кызматтары эми АБ24 мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү
Мамкурулуш санариптик кызматтарды өнүктүрүү алкагында «Айыл Банк» ААКсы менен биргеликте АБ24 мобилдик тиркемесинин мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, колдонуучуларга мамлекеттик кызматтарын жеткиликтүү кылды.Эми сиз Мамкурулуштун кызматтарын үйдөн чыкпай эле, бир нече баскычта төлөй аласыз.Колдонуу тартиби өтө жөнөкөй жана түшүнүктүү:1. «Төлөмдөр жана которуулар» бөлүмүнө өтүңүз, андан соң «Төлөмдөрдү» тандаңыз.2. «Мамлекеттик кызматтар» бөлүмүнө кирип, «Мамкурулуш»...
2024-жылдын январь-декабрында ички дүӊ продуктунун өсүүсү камсыздалды
Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2024-жылдын январь-декабрында 2023-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 9,0 %га жогорулады жана 1,5 триллиондон ашык сомду түздү. ИДПнын өсүшү товар өндүрүү, кызмат көрсөтүү тармактары жана продукттарга болгон салыктардын эсебинен камсыз болду. Мында товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 8,5 %га, кызмат көрсөтүү тармактарынын өсүү...
“Каракол” тоо лыжа базасына барчу жол тынымсыз тазаланууда
“Каракол” тоо лыжа базасына барчу жол үзгүлтүксүз тазаланып, инерттик материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жумуштар “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №11 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан аткарылууда.Эске салсак, “Каракол” тоо лыжа базасынын жолу 2023-жылы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансына өткөрүлүп берилген.2024-жылы жалпы 7 чакырым...
УКМК төрагасы алты балалуу энеге 3 бөлмөлүү батир тапшырды
КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин жардам сурап кайрылган Н.Нуржанованы кабыл алды.Атайын кызматтан кабарлашкандай, 2024-жылдын 23-декабрында КР жараны Нуржанова Нурзат Нуржановнадан жардам сурап кайрылуу келип түшкөн.Аталган жаран өз кайрылуусунда 3 жаштан 13 жашка чейинки 6 баланын энеси экенин, турмуштук оор кырдаалга туш болгонун, жеке турак жайы жоктугун, балдарды тийиштүү түрдө...
“Бишкекжарык” МИси кызматкерлери үчүн кышкы жабдууларды жаңылады
"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы өзүнүн линиялык техникалык персоналы үчүн жаңы кышкы униформа тартуулады, деп билдирет мэриянын маалымат кызматы. Тышкы жарыктандыруу линияларын эксплуатациялоо жана курууда иштеген кызматкерлерге, анын ичинде техниканын айдоочуларына арналган униформа сатылып алынды. Жабдуулар ишкананын фирмалык стилине шайкеш келген көк жана боз түстөрүндө жасалган. Бушлаттарга "Бишкекжарык" деген жазуу жайгаштырылган,...
«Бишкек шаардык транспорт» ишканасы жумушчуларды издейт
«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы жоопкерчиликтүү кызматкерлерди өзүнүн ынтымактуу жана шаңдуу командасына чакырат. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты. Төмөндөгү кызматтарга бош орундар бар: Айдоочулар: * Жаш курагы: 21ден 63 жашка чейин; * «D» категориясындагы айдоочулук күбөлүк; * Иш тажрыйбасы кеминде 3 жыл. Айдоочулар: * «D», «C», «E» категорияларындагы айдоочулук күбөлүк; *...
Транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу. 2024-жылы бюджетке 24 млн. сомдон ашуун каражат түштү
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы тарабынан 2024-жылы жүргүнчү жана жүк ташыган 285 779 унаа текшерилген.Анын жыйынтыгында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 2 647 протокол түзүлгөн.Жүргүнчү ташуулар боюнча эрежелердин аткарылышы, транспорт чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын сакталышы жана ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларды аныктоо сыяктуу...
Ички аскерлердин мыкты башкармалык жана бөлүмдөрү аныкталды
2025-жылдын 14-январында Ички аскерлердин 2024-жылы аткарган күжүрмөн-кызматтык ишмердигинин жыйынтыгын чыгаруу кеңешмеси болуп өттү.Аталган кеңешмеге ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов катышты.Алгач, ички иштер министринин орун басарын Ички аскерлердин кол башчысы Дамир Алыбаев 7705, 7708, 7709 аскер бөлүктөрүнүн аймактарында, спортзалда жана Ички аскерлердин борбордук музейинде аткарылган оңдоп түзөө иштери менен жакындан...
Кант ш. жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы мамлекеттин менчигине кайтарылды
КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жалпы аянты 28143,27 чарчы метр (курулуштары бар) Кант шаардык автостанциясы мамлекеттин балансына кайтарылды.1996-жылы айрым үлүштүк катышуучулары бар "Каниет" ААКнын жетекчилиги Кант шаарындагы автостанцияны мыйзамсыз менчиктештиргени аныкталган, анда мамлекеттин үлүшү 39,25% түзгөн. Бирок, менчиктештирилген учурдан тартып "Каниет" ААКдан кандайдыр бир дивиденддер мамлекеттик бюджетке түшкөн эмес.Көрүлгөн...