Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы “Туратали” базарынын ишкерлери менен жолугушту.Жолугушуунун жүрүшүндө ири жана чакан бизнеске салык салуу, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды колдонуу, ошондой эле ишкердик үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелери талкууланды.Ал мындай жолугушуулардын башкы максаты ишкерлердин көйгөйлөрүн угуу жана бизнес...
Кыргызстандагы аарычылык жана сүт багытындагы мыктылар аныкталды
Аарычылык жана Европадан алып келинген уйлардан сүттү мол алган чемпиондор аныкталды, деп билдирет Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, Рахат Токталиев Нарын облусунун Ат-Башы, Нарын райондорунда таза бал алуу үчүн көчүп конуу менен чогултуп “Ат-Башы ак балын” өндүрүп келет.Ал 2024-жылы 8 тонна бал өндүргөн, анын 60% экспортко кеткен.Ат-Башы ак балынын өзгөчүлүгү...
Көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу 15-февралга чейин узартылды
Экономика жана коммерция министрлиги көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну 2025-жылдын 15-февралына чейин узартты. Ведомстводон кабарлашкандай, көмүрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана баанын спекулятивдик өсүшүн алдын алуу максатында өлкөнүн бардык аймактары үчүн көмүрдүн максималдуу чекене баасы белгиленди. Көмүрдүн баасы эмнелерге көз каранды? Көмүрдүн баасы бир нече факторлордон көз каранды: - казылып алынган жерден...
Инвестициялар боюнча агенттик өлкө ишкерлери менен жолугушууларды өткөрөт
КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Кыргызстандын башка облустарынын ишкерлери менен жолугушууларды өткөрүүнү пландаштырууда.Бул жолугушуулардын максаты-мамлекет менен бизнестин ортосундагы ачык диалог. Тараптар ишкердикти өнүктүрүүгө тиешелүү актуалдуу маселелерди, ошондой эле ишкердик демилгени өнүктүрүүгө жолтоо болгон көйгөйлүү маселелерди, анын ичинде ишкердик субъекттеринин укуктарын сактоону талкуулай алышат.Жолугушууларда ишкерлер инвесторлорду ийгиликтүү издөө үчүн...
Свердлов облусунун ишкерлери Кыргызстанга бизнес-миссия менен келет
2025-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Максат Тентимишов Свердлов областынын эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министринин орун басары О. Александрин менен жолугушуу өткөрдү.Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Свердлов облусунун ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, 2025-жылга карата кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты.Талкуунун негизги маселелеринин бири 2025-жылдын...
Сокулук айылындагы мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттин менчигине кайтарылды
КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иш-чаралардын жыйынтыгында Чүй облусунун Сокулук айылында жайгашкан сметалык баасы 331 млн 391 миң сомдук дан тегирмени, 2,4 га жер аянты менен мамлекетке кайтарылды.Эскертүү: Дан тегирмени–фермердик жана үй-бүлөлүк чарбалар, элеваторлор, айыл чарба ишканалары жана тамак-аш өнөр жайынын ишканалары үчүн дан өсүмдүктөрүн тазалоо, кургатуу, ташуу жана сактоого...
Бишкекте эмерек жасоочу ишканалар өндүрүш калдыктарын жаккандыгы үчүн 99 миң 500 сом айып салынды
Бишкекте Кулатов 1/1Б жана Кулатов, 6 даректеринде жайгашкан эмерек жасоочу ишканалар өндүрүштүк калдыктарды өрттөп жатканы аныкталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Текшерүү Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан биргелешип жүргүзүлгөн.Экологиялык, ошондой эле Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелери бузулгандыгы тууралуу шаар тургунунан арыз келип түштү.Эки күндүк...
“Бишкек жашыл курулуш” ишканасы шаардын тазалыгынын жана тартибин сактоодо!
Жаңы жылдын башталышы менен жаз мезгилине даярдыктар башталат. Шаардын ирригациялык-дренаждык тармактарын тазалоо иштери “Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасынын күжүрмөн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө.Бүгүнкү күндө адистер Октябрь районундагы Чыгыш Чоң Чүй каналын тазалоо иштерин активдүү жүргүзүүдө. Жеринде 5 атайын техника иштеп, 150дөн ашык погондук метр тазаланды.Ошондой эле Свердлов районунун Ак-Тилек конушундагы АКДТ...
Ысык-Көлдө сига-лудога балыгынын уругун алуу иштери аяктады
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти тарабынан Ысык-Көл облусунда сига-лудога балыгынын уругун алуу иштери аяктады.Жалпысынан 12 миллион урук алынып, анын ичинде "Тоң мамлекеттик балык чарба" ишканасы - 9 миллион урук алууга жетишти.Ал эми Түп районундагы "Ысык -Көл плюс балык өстүрүүчү...
Казакстанда ташууда… бронетранспортерлор кулап түштү
Алматы-Усть-Каменогорск трассасында жол кырсыгынан бронетранспортерлор тралдан кулап кеткен. "Казавтожол" маалымдагандай, "Цзефан" маркасындагы тралдын айдоочусу "Алматы – Усть-Каменогорск" автожолунун түштүк багыты боюнча 56-чакырымды көздөй бара жатып, Заречный п.конушундагы өтмөктөн түшүп бара жатып, эки бирдик Мт-чеке (жеңил брондолгон көп функционалдуу тягач) аскер техникасын түшүргөн. Натыйжада техника жолдун жээгине оодарылып кетип, "Гетеро"үлгүсүндөгү унаа...
Кыргызстандык боксчулар Өзбекстанда эл аралык окуу-машыгуу жыйынына катышууда
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Өзбекстандын Янгиобод шаарында өтүп жаткан эл аралык окуу-машыгуу жыйынына катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.Маалыматка ылайык, 7-январда башталган окуу-машыгуу жыйыны 21-январда жыйынтыкталат. Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Дене тарбия жана департаментинин адындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2025-жылга...
Кытайдын жогорку окуу жайларына тапшыруу мөөнөтү узартылды
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2025-2026-окуу жылына карата Кытай Эл Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына өтүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын конкурстук тандоонун мөөнөтү 2-февралга чейин узартылганын маалымдайт.Кытайдан жогорку билим алууну кыялданган Кыргызстандын жарандары үчүн тиешелүү документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү – 2025-жылдын 2-февралы, Бишкек убактысы боюнча саат 23:59.Стипендиялык...