Январь 24, 2025 – 6 барак – ИА Караван Инфо

Ысык-Көл электр тармактары темир-бетон мамыларын чыгарууда

Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын темир-бетон мамыларын чыгаруучу цехи ийгиликтүү иштеп жатат, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы. Цехте СВ-110 жана СВ-95 маркасындагы темир-бетон мамылары чыгарылат, эмгек өндүрүмдүүлүгү боюнча 2025-жылга айына 140 мамы, жылына 1680 мамы чыгаруу пландалды. Өндүрүш бардык техникалык мүнөздөмөлөргө толугу менен жооп берет.Маалыматка ылайык, 2024-жылы иштеп жаткан тармактарды реконструкциялоо,...

ӨКМде “жер титирөө” боюнча айгай жарыяланды

ӨКМдин борбордук аппаратында министрликтин деңгээлиндеги машыгуунун алкагында бүгүн, 24-январда “жер титирөө катталгандыгы” боюнча айгай жарыяланды. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.Ага ылайык мамлекеттик жарандык жана аскер кызматкерлери саат 08:00дө кызмат ордуларында дайын болуп, кырсык катталганда биринчи кезекте уюштурула турган иш-чаралар боюнча практикалык жана теориялык окуудан өтүштү.Министр Бообек Ажикеевдин жетекчилиги менен уюштурулган машыгуу...

Салыктык түшүүлөрдүн көлөмү боюнча соода тармагы лидер болду — бюджетке 70 млрд. сом түштү

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылы Кыргызстандын бюджетине түшкөн салыктык түшүүлөрдүн негизги бөлүгүн камсыз кылган экономикалык тармактар жөнүндө билдирет.Салыктык түшүүлөрдүн көлөмү боюнча соода тармагы лидер болуп, андан бюджетке 70 млрд сомдон ашык каражат түшкөн. 2023-жылга салыштырмалуу бул тармактагы салыктык төлөмдөр 13,9 млрд сомго же 124,6%га көбөйгөн.Тизмени 1,04 млрд сом салыктык түшүүсү менен...

Нурдин Букуев Футзал ассоциациясынын жаңы президенти болуп дайындалды.

Нурдин Букуев КР Футзал ассоциациясынын жаңы президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.Белгилей кетсек, Букуев Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти кызматын да аткарууну улантат.Маалымат үчүн:Нурдин Букуев – ФИФАнын футзал боюнча экс-калысы, футзал боюнча дүйнө чемпионатындагы беттештерди эң көп тейлеген калыс катары дүйнөлүк Гиннес рекорддор китебине кирген. Буга чейин...

Г. Алиев атындагы Аскер институтунда КРнын курсанттарын окутуу маселеси талкууланды

Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов аталган өлкөнүн Гейдар Алиев атындагы Аскер институтунун ректору, полковник Умидвар Гулиев менен жолугушуу өткөрдү.КР ТИМден кабарлашкандай, тараптар Гейдар Алиев атындагы Аскер институтунда Кыргыз Республикасынын курсанттарын окутуу маселелерин талкуулашты.Элчи Мамытканов окуп жаткан кыргыз курсанттарынын даярдыгынын жогорку деңгээли жана Институттун жетекчилиги тарабынан аларга көңүл бурулуп жаткандыгы үчүн...

ОшМУда альпинист спортчулар даярдалат

23-январда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Кыргыз альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов менен жолукту. Анда тараптар өлкөнүн спорт туризмин, тоо ГИДдерин даярдоо боюнча меморандумга кол коюшту. Максаты – республиканын түштүк аймагын өнүктүрүү болуп саналат.Ага ылайык, ОшМУнун базасында кесипкөй альпинисттик секция ачуу пландалууда. Бул жумуштар ушул жылы ишке аша баштайт. Ал үчүн...

Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практикалык борборунун материалдык-техникалык базасы чыңдалды

Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практикалык борборунун материалдык-техникалык базасы чыңдалды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, ошондой эле борбордо медицина кызматкерлеринин ишин илгерилетүү менен, жарандар үчүн керектүү шарттар түзүлдү.-ПРООН тарабынан 6 млн сомго заманбап, көчмө жана стационардык санарип рентген аппараты алынды-Баткен ММК фонду тарабынан жандандыруу бөлүмүнө 4млн сомдук...

Коомдук коопсуздукту санариптештирүү аркылуу жогорулатуу: электрондук көзөмөлдүн алгачкы жыйынтыктары

2024-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти санариптештирүү алкагында электрондук көзөмөлдү пилоттук режимде ишке киргизген. Бул ыкма пробациянын кардарларына көзөмөлдү күчөтүүгө, кайталап кылмыш жасоо коркунучун азайтууга жана коомдук коопсуздукту жогорулатууга багытталган.Электрондук көзөмөл эки ыкма менен жүргүзүлөт: электрондук билериктер жана «Мобилдик контроль» тиркемеси аркылуу. Ал негизинен зордук-зомбулук кылмыштарын...

Быйыл Жалал-Абадда 30дан ашуун ишкана объектилердин ачуу пландалууда

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында облусту өнүктүрүү маселелери боюнча жыйын өткөрдү.   Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, быйыл 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоону Жалал-Абад облусунда өткөрүү пландаштырылган. Жыйындын жүрүшүндө масштабдуу майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүү маселелери талкууланып, программанын долбоору...

КР элчиси БАЭнын тышкы иштер министринин орун басарына ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды

Кыргызстандын элчиси Аман Салиев Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер министринин орун басары Омар Обейд Аль Шамсиге ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. Маалыматка ылайык, расмий жолугушуунун алкагында министрдин орун басары Омар Обейд Аль Шамси элчини жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын ишмердүүлүгү Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы...

Бишкек – Ош унаа жолундагы кар көчкүлөр мажбурлап атып түшүрүлүүдө

 Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.Маалыматка ылайык, учурда ӨКМдин алдында түзүлгөн ыкчам топтун курамы жана КР Коргоо министрлигинин артиллериялык эсеби саат 11:48ден саат 11:57ге чейин Бишкек – Ош унаа жолунун 132-чакырымында 4 снаряд атылып, баары жарылган.Натыйжада...

Жогорку Кеңеште Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашыруу боюнча жумушчу тобунун жыйыны өттү

Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашыруу боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобунун кеңейтилген жыйыны өттү.Алгач жумушчу топтун жетекчиси, депутат Чингиз Айдарбеков бүгүнкү иш-чара 2024-жылдагы негизги жетишкендиктерди талкуулоого жана 2025-жылдын приоритеттерин жана стратегиялык пландарын аныктоого багытталганын...

error: