Бүгүн, 4-майда Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында Кыргызстандын футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиевдин катышуусунда лагерь болуп өттү. Жыйында көп функционалдуу спорт комплексин куруу жана өнүктүрүү маселелери талкууланды. Өткөн жылы долбоорду ишке ашыруу үчүн 17,72 гектар жер бөлүнгөн. Быйыл аймакты кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, жергиликтүү бийликке тиешелүү тапшырмалар берилди. Жаңы комплекс өлкөдөгү...
Президент Кыргызстан элин Конституция күнү менен куттуктады
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктады. Мамлекет башчынын куттуктоосу: «Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен чын дилимден куттуктайм! 5-май Конституциябыздын кабыл алынган күнү эле эмес, ар дайым адилеттикти жактап келген элибиздин бийик духун, жаркын келечекке бекем ишенимибизди эске салган маанилүү күн....
Адылбек Касымалиев Каркыра тоосундагы эс алуу жайынын курулушунун жүрүшү менен таанышты
Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Каркыра тоо-курортунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Иш сапардын алкагында Адылбек Касымалиев комплекстин курулушу менен таанышып, иштин учурдагы абалы, жакынкы келечектеги пландар менен таанышып, долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүнө байланыштуу маселелерди талкуулады. "Каркыра тоо курортунун курулушу өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүү үчүн стратегиялык маанилүү долбоор...



