Президент Садыр Жапаров Барскоон-Бедел автожолун өз каражатына Ысык-Көл облусунда куруу долбоорун баштады. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын алдында стратегиялык автожолдун долбоордук өзгөчөлүктөрү тууралуу видеоролик көрсөтүлдү. Мамлекет башчыга аталган унаа жолдун каттамы түндүктөн түштүккө Барскоон, Сөөк, Кара-Сай өрөөнү жана Ашуу-Суу ашуусу аркылуу өтөөрү кабарланды. Сөөк ашуусу аркылуу жыл бою өтүүнү...