29-октябрдагы Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Толонов аталган жыйында республикалык бюджеттин киреше бөлүгү карала турганын белгиледи.
Мыйзам долбоору боюнча экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов, финансы министринин орун басары Руслан Сүйүналиев маалымат беришти. Ал эми депутаттардын суроолоруна каржы министри Алмаз Бакетаев жооп берди. Алар 2025-2027-жылдарга республикалык бюджеттин негизги параметрлерине, жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн ченемдерине, капиталдык салымдардын, дем берүүчү гранттардын, теңдөөчү жана бюджеттер аралык трансферттердин көлөмүнө көңүл бурушту.
Мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 2025-жылы 428 млрд 780 млн сом суммасында же ИДПга карата 26,4% каралган. 2026-2027-жылдар аралыгында республикалык бюджеттин кирешеси тиешелүүлүгүнө жараша 465 млрд 500 млн сомду жана 513 млрд 640 млн сомду түзөт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/