Батыш Сибирь дарыяларынын, биринчи кезекте Обь дарыяларынын агымынын бир бөлүгүн Борбордук Азия мамлекеттерине буруу идеясы кайрадан эксперттик талкуунун чордонуна айланды. РИА Новости агенттигинин маалыматында, инженердик илимдердин доктору жана Россия Илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү институтунун башкы илимий кызматкери Михаил Болговго шилтеме жасап, белгиленгендей, суу тартыштыгын башынан кечирип жаткан бир катар өлкөлөр...

