Кыргызстанда сот бийлигине талаптар күчөтүлдү – ИА Караван Инфо
Кыргызстанда сот бийлигине талаптар күчөтүлдү

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда соттордун статусуна байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү жактырды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку соттун судьялыгына талапкерлер үчүн эмгек стажы боюнча жаңы талаптар киргизилет: биринчи инстанциядагы сотто үч жыл жана экинчи инстанциядагы эки жылдан кем эмес иш стажы.

Кошумчалай кетсек, мыйзамда жакын туугандары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп табылган же оор кылмыштар үчүн соттолгон адамдар жергиликтүү соттордо, Жогорку сотто жана Конституциялык сотто судьялык кызматтарды ээлей алышпайт деп көрсөтүлгөн.

Судьялык кызматка сынакка катышуу үчүн талапкерлер мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен кем эмес билгендигин тастыктаган аттестаттын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, ошондой эле өздөрү үчүн да, туугандары да соттолбогондугу жөнүндө маалымкат да берүүгө милдеттүү.

Мыйзам ошондой эле ыйгарым укуктары бүтө элек азыркы судьяларга сынактык тандоого катышууга мүмкүнчүлүк берет. Эске салсак, бул өзгөртүүлөр Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 27-июнунда бекитилген.

Ошол эле учурда Юстиция министрлигинин башчысы Аяз Баетовдун айтымында, 700дөн ашык адвокат лицензиясынан ажыратылган.

Агенттик алты айдан бери адвокатура тармагын реформалоо боюнча иш алып барууда жана азыр ишмердүүлүк менен алектенүү үчүн лицензия жана адвокатурага мүчөлүк керек.

error: