Милициянын отставкадагы генерал-майору Кемелбек Киязов Японияда марафонго катышты. Эл аралык Mie Matsusaka marathon марафону 2024-жылдын 15-декабрында Мацусака шаарында өткөн. 68 жаштагы жөө күлүк 42,2 чакырым аралыкты 3 саат 47 мүнөт 22 секундда басып өтүп, 2021-жылы коюлган жеке рекордун кайталады.
“Жакшы баштадым, тез чуркадым, бирок 38 км аралыкта бутум ооруп калды. Болбосо, абдан жакшы натыйжа болмок. Жаш категориялары болгон эмес, 8 гана мыкты марафондун катышуучусу сыйланды”, – деди ал.
Мацусакадагы марафондо кыргызстандык Илья Тяпкин 2 саат 16 мүнөт 53 секунд менен жеңүүчү болду.
Эскерте кесек, бул Кемелбек Киязовдун 42,2 км аралыктагы 10-марафону. Киязов 2024-жылы үчүнчү жолу катары менен Ысык-Көл марафонун жеңип, “Спорт чебери” наамын алган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/