Абай театры Сингапурда биринчи жолу концерт берет.
Алматы, 2026-жылдын 20-январы – Karavan Info маалымат агенттиги. Абай атындагы Казак улуттук опера жана балет театрынын балет труппасы Сингапурга биринчи жолу гастролдоп барат. Маданият жана маалымат министрлигинин маалыматы боюнча, спектаклдер 23-25-январь күндөрү NUS университетинин маданий борборунда өтөт.

Программада "Ак куу көлү", "Сильфида" жана "Дон Кихот" чыгармаларынан үзүндүлөр менен "Классикалык балеттин шедеврлери", ошондой эле Альберто Алонсо койгон бир актылуу "Кармен сюита" балети камтылган.

Сүрөт : Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги
