Астана, 2025-жылдын 26-декабры – Karavan Info маалымат агенттиги. Ушул жылдын январь айында Түркстан облусунун Созак районундагы Аксүмбе айылында алты кылымдан ашык тарыхы бар архитектуралык эстелик – Акбикеш мунарасы жарым-жартылай кулап түшкөн. Окуядан кийин дароо курулушту текшерүү жана анын абалын баалоо үчүн атайын комиссия түзүлгөн.

Иш Маданият жана маалымат министрлигине караштуу "Казреставрация" мекемеси тарабынан жүргүзүлдү. Изилдөөдөн кийин адистер мунаранын чыныгы тарыхый түзүлүшү сакталып калганын жана жоголбогонун тастыкташты.
Эстеликти андан ары коргоо үчүн курулуштун сыртын жарым-жартылай калыбына келтирүү жана коргоо чараларын камтыган долбоор иштелип чыккан. Тактап айтканда, мунаранын бардык сырткы беттери атайын коргоочу шыбак менен капталган. Бул курулушту нымдуулуктан, температуранын өзгөрүшүнөн, шамалдан, жаан-чачындардан жана туздун топтолушунан коргойт, материалдын андан ары бузулушуна жол бербейт жана ошол эле учурда алсыраган жерлерди бекемдейт.

Мындан тышкары, ал жерге мониторинг системасы орнотулган. Мониторинг маалыматтары эстеликти сактоо боюнча кошумча чараларды көрүү үчүн колдонулат. Маданият жана маалымат министрлиги кулаганына карабастан, Акбикеш мунарасы улуттук маанидеги эстелик катары өз статусун сактап калаарын баса белгиледи.
Сүрөт: Казреставрация
