Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган 3 кыргызстандык Бишкекке алып келинди
Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган 3 кыргызстандык Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Аларды алып келе жаткан учак “Манас Эл Аралык” аэропортуна 30-декабрга караган түнү саат 02:52де конду.
Жабыркаган жарандар Бишкек шаарындагы Улуттук ооруканага жеткирилди. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Эске сала кетсек, Азербайжан аба жолдорунун Баку – Грозный багыты боюнча каттамын аткарып жаткан Embraer 190 учагы 25-декабрда Актауга жакын жерде кырсыкка учурап, кулап түшкөн.
Учактын ичинде 67 адам, экипаждын беш мүчөсү жана 62 жүргүнчү болгон. Авиакырсыктын кесепетинен 38 адам каза болуп, 29 адам аман калган. Учакта үч кыргызстандык болгон.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/