ООГАНИСТАН, 2026-жылдын 25-февралы – Karavan Info маалымат агенттиги. Ооганстандын Статистика жана маалымат боюнча башкы башкармалыгы өткөн айда аэропорттор жана кургактагы чек ара пункттары аркылуу өлкөгө жалпысынан 2918 чет элдик жаран кирип-чыгып кеткенин билдирди.

Агенттиктин маалыматы боюнча, чет элдиктер өлкөгө жумушка, туризмге жана туугандарына барууга келишкен.
Билдирүүдө бул мезгилде Ооганстанга 1507 чет элдик жаран, анын ичинде 52 аял келгени, ал эми өлкөдөн 1411 адам, анын ичинде 24 аял чыгып кеткени белгиленген.
Буга чейин Талибандын өкүлдөрү чет элдиктердин эң көп агымы Нимроз чек ара өтмөгү, Гераттын аэропорту жана өткөрмө пункттары, Торхам жана Хайратан өткөрмө пункттары жана Кабул эл аралык аэропорту аркылуу өткөнүн билдиришкен.
Алардын айтымында, бир катар чет элдик туристтер Бамиан, Герат, Кандагар, Нангархар, Гор, Бадахшан, Кундуз, Пактия, Хост, Нуристан, Балх, Саманган жана Кунар провинцияларындагы тарыхый жерлерди кыдырышкан.
Ошол эле учурда, талибдердин өкүлдөрү көптөгөн ооган жарандары жана өкмөттүн сынчылары саясаттын катаалдашуусу жана оор экономикалык кырдаал шартында өлкөдөн чыгып кетүүнү улантып жатканына карабастан, чет элдик жумушчуларды жана туристтерди кабыл алууга даяр экенин билдиришти.
Сүрөт: Бахтар
