Алар 15 миллион долларлык героинди Казакстанга алып өтүүгө аракет кылышкан
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы Мамлекеттик чек арадан баңги затынын рекорддук партиясын алып өтүү аракетин токтотту. Түркстан облусунун аймагындагы Б.Конысбаев постунда кызматтык иттин жардамы менен оор жүк ташуучу унаада бут кийим боёгуч үчүн идиштерге катылган шектүү заттар табылып, алынган. Экспертиза көрсөткөндөй, бул заттардын курамында жалпы салмагы 775 кг болгон героин бар.

Кармалган баңгизаттын кара базардагы баасы 15 миллион доллардан ашат. Бул кылмышка шектүү делип эки чет элдик жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кызматы