Алымкадыр Бейшеналиев Казакстандагы авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандыктардан кабар алды – ИА Караван Инфо
Алымкадыр Бейшеналиев Казакстандагы авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандыктардан кабар алды

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Казакстандагы авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандыктардан кабар алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, бүгүн, 30-декабрда Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандыктар Бишкекке жеткирилди.

Жабырлануучулардын экөөнүн абалы канааттандырарлык деп бааланып, Улуттук госпиталдын кыска мөөнөттүү стационардык бөлүмүнө жаткырылды. Үчүнчү бейтаптын абалы туруктуу жана оор.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда дарыгерлердин кеңешмеси өттү. Бейтап Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүндө адистердин такай көзөмөлүндө болуп, тиешелүү дарылануудан өтүүдө.

Эске сала кетсек, Азербайжан аба жолдорунун Баку – Грозный багыты боюнча каттамын аткарып жаткан Embraer 190 учагы 25-декабрда Актауга жакын жерде кырсыкка учурап, кулап түшкөн.

Учактын ичинде 67 адам, экипаждын беш мүчөсү жана 62 жүргүнчү болгон. Авиакырсыктын кесепетинен 38 адам каза болуп, 29 адам аман калган. Учакта үч кыргызстандык болгон.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: